Бишкек мэриясы автобустар менен маршруткаларда камераларды орнотту

Шаардын бийлиги бардык жаңы автобустарга жана маршруттук таксилердин 80% видеокамераларды орнотту. Мындай чаралар коомдук транспорттордогу чөнтөк уурулуктарды азайтуу максатында көрүлдү.

«1507 кичи автобуста, 70 троллейбуста жана 70 автобуста видеокаттагыч орнотулду. Троллейбустарда гана видеокаттагычтарды орнотуу үчүн эле 2 млн сом керек, каражат бюджеттен акырындык менен бөлүнүп жатат», — деп билдиришкен мэриядан «Азаттыкка».

Жыл сайын Бишкектин жолдоруна 1,8 миң маршруттук такси, 130 троллейбус жана 140 автобус чыгат.

Андан тышкары, мэрия жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилерине айдоочулар тартипти сактоосу керектигин түшүндүргөн.

Мындай жол менен Бишкек мэриясы жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө. Ушул убакытта коомдук транспорттор менен колдонгон мектеп окуучулардын жана студенттердин саны жай айларына салыштырмалуу өсөт.

«Үстүбүздөгү жылы 105 студент жана 160 миң окуучу мектеп парталарына отурушат. Коомдук транспортту азыртан даярдай баштадык», — деп айтылат мэриянын маалыматында.