Атамбаевди кармоо операциясында жабыркаган спецназ кызматкери ооруканада каза тапты. Азыр эмне болуп жатат?

Атамбаевдин тарапташтары менен милициянын жаңжалы. Видео: «Клооп» үчүн тарткан Азат Рузиев

LIVE: «Атамбаевди кармоо». 2-күн. Дагы эмне маалым?

Материал 8-августта, саат 04:20да жаңыртылды.

8-августтун түнкү саат 04:00 карата эмне белгилүү?

  • УКМКнын спецназы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы резиденциясынан кармай алган жок. Анын тарапкерлери күч органдарынын кызматкерлерин сүрүп чыгарып, алты спецназчыны барымтага алышты;
  • Штурм учурунда 22 жаштагы спецназчы каза тапты. УКМК анын өлүмүнө Атамбаевдин тарапкерлерин күнөөлүү деп айыптады — атайын кызматтын версиясы боюнча, аскердин өлүмүнө снайпер куралынан чыгарылган ок себеп болушу мүмкүн;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, кагылышта 45 адам жабыркаган, алардын көпчүлүгү октон жарадар болуп реанимацияга түшүшкөн;
  • УКМК штурм учурунда аскер октору колдонулбаганын билдирди. Кийинчерээк Атамбаевдин тарапкерлери Калашников автоматынын аскер окторун табышканын видеодон көрсөтүшкөн. Алардын айтымында, аталган октор күч түзүмүнүн кызматкерлерине таандык болгон;
  • Штурм башталганга чейин бир нече саат мурда Кой-Таш айлында электр жарыгы, интернет, мобилдик байланыш өчүрүлгөн. Байланыш азыркыга чейин калыбына келтириле элек;
  • Барымтага алынган спецназчыларды эртең менен бошотууну убада кылышты. Ачыкка чыккан видеолордун биринде спецназчылар Атамбаевдин үйүндө кайтарууда отурушканы көрсөтүлгөн;
  • Күч кызматкерлери Кой-Таштаг болжолдуу саат 3:30 кетишти. Ошол эле убакытта мурдагы президенттин резиденциясына барчу жолдо курчоо алына баштаган;
  • Ошондой эле ЖМКлар аймактардан Бишкекке Атамбаевдин миңге чукул тарапкери Бишкекке жөнөшкөнүн кабарлашкан, бирок бул санды так тастыктоо кыйын;
  • Депутаттар 8-августта кезексиз жыйын өткөрүшөт. Президент Сооронбай Жээнбеков менен спикер Дастан Жумабеков эмгек өргүүлөрүн токтотуп, Бишкекке шашылыш түрдө кайтып келишти;
  • Атамбаев бийликке видеокайрылуу жаздырып, анда бийликти «укук талаасына кайтууга» чакырган. Андан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып, алардан «элин атпоону» суранды;
  • Ошондой эле ММКлар Кыргызстандын куралдуу күчтөрү күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өтүшкөнүн кабарлашты.

Атамбаевдин кримтөбөл Батукаевдин бошотулушуна түздөн-түз тиешеси аныкталды — ИИМ

«Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен, тагыраагы, оор илдет тууралуу жасалма диагноз коюу менен Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу уюуштурулган», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Бул айыптоо Атамбаевди экс-президенттик макамдан жана кол тийбестиктен ажыратууга бирден бир себеп болгон.

Атамбаев бийликти «укук талаасына кайтууга» чакырды

Урматтуу кыргызстандыктар, тилекке каршы мен силерге кайгы менен кайрылып жатам. Мына бүгүн бийлик мыйзамсыз түрдө, конституцияны бузуп, мени колго алыш үчүн, эптеп Атамбаевдин оозун жабыш үчүн куралчан кирип келип өз элин атты. Биринчи резина октор менен, аягында аскер октору менен атышты. Болгондо дагы Атамбаевди кармаш үчүн, элди коркутуш үчүн спецназ «Альфа» антитеррор жөнөтүшүптүр.

Биринчиден, бул абдан уят, экс-президент Атамбаев террорист эмес, чогулган эл террорист эмес. Мына бир тобу адаттагыдай саат 19:30да мени менен селфи кылайын деп келишкен болчу. Бир топ эч кандай күнөөсүз жарандарыбыз жаракат алды. Албетте аягында кайран элибиз келип спецназды айдап чыкканда спецназдын кээ бир аскерлери, ачууга алдырган элден шоколаддан башка бир нерселерди жеди. Аччууга алдырган эл кандай болоорун билесиңер.

Негизи бул абдан уят нерсе. Мен акыркы айдын ичинде бир канча жолу айттым: «Мен Батукаедвин иши боюнча кагаз түрүндө тийиштүү суроолордун баарына жооп берейин дедим. Керек болсо гезиттерге чыгаралык, сайттарга чыгаралык дедим. Андай болбойт дегенининен анда сыр кепилдик берип жалаң гана ИИМ үчүн жазып берейин дедим. Анын үстүнө мени таң калтырып кайгыртканы ушул Батукаевдин ишинде эч кандай менин тарабындан эч кандай коррупция жок, аны Сооронбай Жээнбеков татынакай билет. Өзүнө айтып бергем. Кандай бети жоктук?»

Атамбаевдин оозун жабыш үчүн, чындыкты сүрөттөш үчүн өз элин аттырыш бул абдан уят жана ыплас нерсе. Бирок дагы бир жолу бийликке айтаарым — токтогула! Аягы жаман бүтөт! Токтогула! Кыргыз эли эч качан мына мындай адилетсиздикке чыдап, тизелеп жашабайт. Бир жыл ишенди, бир жарым жыл ишенди калптын баарына. Азыр ишенбейт.

Көп улуттуу кыргыз эли — бул койлор эмес! Тизелеп жашагыча кыргыздарга өлүм артык. Бир кланга, бир үй-бүлөгө кыргыздар кул болбойт. Бийлик ошону ойлонуп, акылына келип, кеч боло электе эсине келсе болот эле. Мунун аягы жаман бүтөт. Күч органдарынын офицерлерине кайрылат элем: «өз элиңерди атпагыла. Силер антты азыркы үй-бүөолүк режимге эмес, кыргыз элине бергенситңер. Ошону унутпагыла, анткени кыргыз эли эч качан тизелеп жашабайт».

Кыргыз элине рахмат ушундай туруштук берип атканына. Силер бар үчүн, Кудай колдогону үчүн мен да туруштук берип жатам. Мен үчун намысым жаныман артык! Бирок бийлик муну токтотуп, өз эли менен күрөшкөнүн токтотуп, акыл-эсин жыйышы керек. Анткени азыркы окуялар абдан жаман бүткөнү турат.

Каза тапкан спецназчы болжолдуу снайпердик винтовкадан атып өлтүрүлгөн болушу ыктымал — УКМК

«Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө спецназдын бир нече кызматкери жарадар болгон. Тилекке каршы, алардын бири ооруканада жашоого сыйбас жараатынан улам көз жумду. Үй тарабынан снайпердик винтовкадан чыгарылган ок спецназ кызматкеринин өтө маанилүү органдарын тешипк кеткен», — деп билдиришти УКМКдан.

Бишкектин травматология борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, каза тапкан аскер 22 жашта болгон.

Ал эми «Азаттык» радиосу спецназ аскерлеринин алтоосу Атамбаевдин үйүндө барымтада кармалып жатышканын кабарлоодо.

Коомдук тартипти камсыздоо үчүн кошумча күчтөр тартылды — ИИМ

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Кой-Ташта атышуу болуп жаткандыгы тууралуу биринчи маалымат милицияга саат 19:50дө түшкөн. Андан кийин жерине тергөө тобу жөнөп кеткен.

«Биринчи жабыркагандар жөнүндө маалымат аймактык ооруканадан болжолдуу cаат 20:53тө түшкөн. Азыркы учурда коомдук тартипти камсыздоо үчүн кошумча күчтөр тартылган», — деп билдиришти ИИМден.

ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов Атамбаевдин тарапкерлери менен сүйлөшүүгө келди

«Атамбаев эң акыркы чараларды колдонууга барат» — «Ата Мекен»

Партиянын билдирүүсүндө Атамбаевдин айланасындагы кырдаал «туңгуюкка кептелгени» айтылат.

«Биз баарыбыз Атамбаев артка чегинбесин жана адам курмандыгына карабастан эң акыркы чараларды көрүүгө бараарын түшүнөбүз. Биз күч түзүмдөрүнүн кармоо боюнча тапшырманы аткарууга жөндөмсүз экендигин байкап турабыз [...] Күч колдонуу тирешин токтотууну жана аталган маселени чечүүнүн келишимдүү жолдорун издөөнү талап кылабыз», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Депутаттар кезексиз жыйынга чогулмай болушту

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, депутаттар кезексиз жыйынга чогулушат. Анын айтымында, азырынча жыйындын өтө турган убакыт сааты такталууда.

Атамбаевдин тарапкерлеринин учурдагы бийликке койгон талабы. Видео: Азат Рузиев/«Клооп»

Азыркы учурга карата эмнелер белгилүү?

  • Спецназ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы резиденциясынан кармай алган жок;
  • 36 адам ар кандай жарааттарды алган, алардын ичинен 15и — укук коргоо органдарынын кызматкерлерди. Жабыркаган спецназдын бирөөсү ооруканада каза тапты;
  • УКМК штурм учурунда аскердик окторду колдонбогонун билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, спецназ резина окторду колдонгон;
  • Кой-Таш айылында мобилдик байланыш жок — ал жерде азыр эмне болуп жатканы белгисиз;
  • Байланыш үзгүлтүккө учураганга чейин Атамбаевдин тарапташтары спецназдар кийинки курчоого даярданып жатышат деп билдиришкен. Күбөлөрдүн айтымында, Кой-Ташты көздөй спецназдар бар бир нече машине кеткет;
  • Атамбаев учурда кайсы жакта болгону белгисиз. Атайын операция оңунан чыкпагандан кийин Фарид Ниязов Атамбаев резиденциясында болгонун кабарлаган;
  • Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн өргүүсүн үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келди.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Мирбек Айтикеев мурдагы президенттин кармалышы тууралуу маалыматты төгүндөп, фейсбукка пост жазган. Мурдараак «Апрель» телеканалы спецназ Кыргызстандын мурдагы президентин кармап, белгисиз тарапка алып кетти деп маалымдаган.

УКМКнын басма сөз кызматы алардын спецназы Атамбаевди кармоо боюнча операцияны жүргүзүп жатканын билдирген. «Операциянын жүрүшүндө спецназдын жоокерлери аскер куралын колдонушту. Алар резина октору менен камсыздалышкан эле. Учурда кармоо боюнча операция уланууда», — деп маалымдашкан УКМКдан.

Спецназ Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясынан кармоо боюнча операцияны болжол менен саат 20:00 чамасында баштаган.

Атамбаевди кармоо башталганы тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жана депутат Ирина Карамушкина тараткан.

Стрельба в Кой-ТашеИсточник: azattyk.orgТолугу менен биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбызда: ⠀⬇️YouTube - www.youtube.com/c/nexttvchannelFacebook - www.fb.com/nextvchannelInstagram - www.instagram.com/nexttv_kgTwitter - www.twitter.com/nexttv_kgTelegram - t.me/nexttvchannelСайт: www.nexttv.kg#NextTV #Жанылыктар #Маалымат #КыргызРеспубликасы #Саясат

Posted by Next TV on Wednesday, August 7, 2019

«Атамбаевдин үйүнүн аймагына спецназ кирип келди, ок атуулар угулуп жатат, так ким атып жатканы түшүнүксүз. Мурдагы президенттин тарапташтары таштар менен коргонуп жатышат. Абал абдан курч», — деп жазган 24.kg басылмасы.

Басылманын маалыматы боюнча, мурдагы президенттин тарапташтарынын арасында жарадар болгондор бар — алар таштар менен коргонушкан. Ошондой эле басылманын журналисти дагы жарадар болгон.

«Болжол менен резина ок менен, [ок] журналист Аида Жумашеванын бутуна тийип кеткен, анын өмүрүнө коркунуч жок», — деп билдирген 24.kg басылмасы.

ЖМКлар спецназ Атамбаевдин тарапташтарын таратуу үчүн үн гранаталарын ыргытып баштаганын кабарлашкан. «Клооптун» жеринде иш алып жаткан журналисттери резиденциянын жанын түтүн каптаганын жана ок чыгаруунун үндөрү угулганын маалымдашкан. Мурдагы президенттин тарапташтары журналисттерди спецназ аларды байкабашы үчүн жарыктандыруучу лампаларлды өчүрүүнү суранышкан.

«Азаттык» үналгысы билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кыска мөөнөттүү өргүүсүн үзгүлтүккө учуратып, чукул Бишкекке кайтты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун администрациясынан билдиришкендей, ал 8-августта Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрөт.

Ошондой эле, «Клооптун» журналисттери резиденциянын аймагында өрт чыкканын кабарлаган. Курулуштардын бирин каптаган тилсиз жоодо жабыркагандар болуп-болбогону азырынча белгисиз.

«Клооптун» журналисттери жеринен маалымдашкандай, Атамбаевдин тарапташтары спецназдын кызматкерлерин «кармашкан». Алар бир нече спецназ кызматкерин үйдүн ичинен эшикке чыгарышкан.

Колго түшкөн спецназ кызматкери түшүп калган видео

Журналисттердин айтымында, Атамбаев үйдүн экинчи кабатынан ылдый түшүп, тарапташтары менен жолуккан. Чогулгандар аны үйүнүн кире беришинде тосуп алышкан.

Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш айылын көздөй спецназдын үч машинасы келе жатаарын билдиришкен. Алар адамдарды ыктымал курчоого даярданууга чакырышкан. Мурдагы президенттин тарапташтарынан куралдар байкалган.

Сүрөт: Махинур Ниязова/24.kg

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, аларга спецназдын бир кызматкерин алып келип жатышат, ал көкүрөк тарабына жарадар болгон. Ведомстводон дарыгерлер имараттын ичине кирүүгө коркуп, дарбазанын сыртында турушканын билдиришкен. Министрликтен бир адам каза тапканы тууралуу маалыматты тастыкташкан жок.

«АКИпресс» басылмасы УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев ооруканага жеткирилгени тартылган сүрөт жарыялаган. Ал кандай жаракат алганы азырынча белгисиз.

Сүрөт: «АКИпресс»

«Кактус» басылмасы Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовго таянып билдиргендей, күч органдарынын кызматкери аскер куралдан жарадар болгон. «Үйдөн аскер октору менен аткылап жатышат, спецназдын кызматкеринин көкүрөк тушуна ок тийген. Ок бронежелетти тешип өткөн».

Саат 23:25ке карата ооруканаларга ар кандай жарааттар менен 15 жабырлануучу жеткирилген. 3 жабырлануучу Чүй облустук ооруканага, дагы үчөө Улуттук госпиталга, калган 9 жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим–изилдөө борборуна жаткырылган.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркаган спецназдын бири ооруканада каза тапканын билдирди. Дагы башка оор жаракат алганга операция жасалган.

Депутат Дастан Бекешев «Клоопко» билдиргендей, азыр анын кесиптештеринин ортосунда парламенттин кезексиз отурумун өткөрүү тууралуу талкуу болуп жатат. «Эртеңкиге карата 40 депутат макул болот деп үмүттөнөм», — деп кабарлады ал.

Атамбаевди суракка чакыруу

ИИМ буга чейин Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок ал чакыруулардын баарын этибарга алган эмес.

Башкы прокуратура мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча күбө катары өтүп жатканын маалымдаган.

Мурдараак парламент Атамбаевди экс-президент статусунан жана кол тийбестиктен ажыраткан. Мунун баары мурдагы президент менен мураскери учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат.