ӨКМдин кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду. Алар Дача-СУдагы авиакырсыктан кийин телефондорду ыйгарып алууга шектелүүдө

Дача-СУда кыйраган «Боинг-747», 2017-жыл (иллюстративдик сүрөт). Автору: «Клооп» үчүн тарткан Тилек Бейшеналы уулу

«Азаттык» радиосу кабарлагандай, Ички иштер министрлиги ӨКМдин кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Алар 2017-жылы Дача-СУ айылына учак кулаган жерлердеги уюлдук телефондорду ыйгарып алууга шектелүүдө.

Биринчи май райсотунан «Клоопко» сот аталган иш боюнча 31-июлда ӨКМдин алты куткаруучусунун баш коргоо чарасын караганын билдиришти.

«Аларга тагылган айыптоолор анчейин оор эмес. Сот буга байланыштуу сыртка чыкпоо туурасында тил кат алуу алар үчүн нормалдуу баш коргоо чарасы деп эсептеди. Ошондой эле булар ӨКМдин кызматта болгон кызматкерлери», — деп маалымдашты соттон.

Мурдараак Kaktus.media басылмасы өз булагына таянып ӨКМдин 22 куткаруучусуна «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Тергөөгө жолтоо болуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Басылманын маалыматы боюнча, куткаруучулар авиакырсык болгон жерде табылган телефондорду ыйгарып алышкан. Кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ айылында болгон.

«22 куткаруучу тергөөчүлөрдүн сурагы маалында кырсык болгон жерге бир нече күн өткөндөн кийин келишкенин моюндашкан. Жумуш учурунда Huawei маркасындагы мобилдик телефон табып өздөрүнө алышкан. Телефондорду жубайларына, ата-энелерине жана туугандарына беришкен», — деп Kaktus.media өз булагынын айткандарын келтирет.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов апрелде «Боинга-747» жүк ташуучу учагынын кулашы боюнча кылмыш иши жанданганын билдирген. Учак 2017-жылы Бишкек шаарынан алыс эмес кыштакка кулаган. Жамшитов тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен маалымат берилээрин убадалаган.

Расмий версия боюнча, учак Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан жана Бишкектеги «Манас» аэропортуна май толтурууга токтогон. Учак аэропортко жетпей жакынкы кыштакка кулап, 26 үйдү басып калган. Кырсыктан 39 адам каза тапкан, анын төртөө экипаж мүчөлөрү болгон. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомго баалаган.