Атамбаевдин тарапкерлери Көк-Жарда орнотулган блокпосттун жанында. Кийинчерээк митингчилер спецназчылардан турган бул колоннаны бузуп өтүштү. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү

Бишкектик фотосүрөтчү Дмитрий Мотинов Кой-Ташта жана борбордо 8-августта күч түзүмдөрү менен жарандардын ортосунда орун алган кагылышуунун чордонунда болду.

Атайын «Клооп» үчүн ал күндүн маанилүү учурларын сүрөткө тартып келген: тосулган жолдор, Атамбаевдин ачууланган тарапташтары, жүздөгөн атайын багыттагы бөлүктүн кызматерлери, түтүн жана от.

Кой-Таш айылынын ичиндеги күч кызматкерлеринен турган чеп. Бул жол Атамбаевдин резиденциясына алып барат. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн сүрөтү
Атамбаевдин тарапкери «Форум» имаратынын алдында. Кийинчерээк бул митинг өтпөй калган. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Атамбаевдин тарапкерлери Көк-Жардагы тосмонун жанында. Кийинчерээк митингчилер спецназчылардан турган бул чепти бузуп өтүштү. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Спецназчылардын тобу Кой-Таштагы блокпостторго келген маалы. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Атамбаевдин тарапкерлери күч кызматкерлерин сүрүп чыгарууга аракет кылып Кой-Таштын ички жолунда саман өрттөштү. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Спецназчы Атамбаевдин тарапкерлери менен кагылышуу учурунда көзүнөн жаракат алган. Эки күнгө созулган кагылышууда жалпысынан 98 адам жабыркаган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, алардын ичинен 24ү укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Кой-Ташка кетчү жолдо жайгашкан Кыргызстандын жыртык желеги. Айлананы Атамбаевдин тарапташтары өрттөгөн дөңгөлөктөрдөн чыккан түтүн каптаган. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Кой-Таштын ичинде күч түзүмдөрүнөн түзүлгөн чеп. Милиционерлерди алып келген автобустар Атамбаевдин тарапташтарынын жолун бууп жатышат. Ачууланган митингчилерди таратуу үчүн күч түзүмдөрү колдонгон жарык-үн гранаталарынын фонундагы түтүн. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Кой-Ташка жакындаган Атамбаевдин тарапкерлери жолду бөгөш үчүн дөңгөлөктөрдү өрттөштү. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Спецназчылар Ала-Тоо аянтында митингчилер менен кагылышкандан кийин Бишкектин көчөлөрүндө кайгуул жүргүзүп жатышат. Кууп таркатылган митингчилер качып жатып таштанды челектерин өрттөшкөн. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы митингчилер менен болгон тирештен кийин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө кайгуул жүргүзүү маалында эс алып жатышат. Дмитрий Мотиновдун «Клооп» үчүн тарткан сүрөтү