Күндүн сүрөтү: Атамбаевдин ишине тиркелген сүрөт

Мурдагы президенттин ишине тиркелген сүрөт. Сүрөт: 24.kg

24.kg басылмасы Алмазбек Атамбаевдин ишине тиркелген сүрөттү жарыялады. Мурдагы президент 8-августта өз ыктыяры менен бийликтин колуна түшүп берип, күч кызматкерлеринин коштоосунда Кой-Таштагы үйүнөн кеткен.

Атамбаев УКМКга жеткирилип сурак берген. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта калтырды.

Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв 24.kgге маалымдагандай, Атамбаевге Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу иште коррупция боюнча айып тагылган.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу боюнча атайын операция 7-августта башталган, бирок ал күнү мурдагы президенттти кармоодон майнап чыккан эмес.

8-август күнү кечинде Ала-Тоо аянтында жарым саат ичинде 1000 чукул адам чогулган. Алардын көпчүлүгү журналисттерге карата агрессивдүү маанайда болушкан. Милиция үн гранаталарын колдонуу менен аларды бир сааттан кийин кууп таркаткан. Кармалгандар тууралуу эч нерсе белгисиз.

Атамбаевдин тарапкерлеринин милиция менен кагылышы орун алган эки күн аралыгында 90дон ашуун адам жабыркап, бир спецназчы каза тапкан.