Атамбаев жана Бабанов. Сүрөт: Темир Сыдыкбеков RFE/RL

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакта калтырылды. Анын тарапкерлери суракка чакырылышууда, ал эми жакын үзөңгүлөшү — Фарид Ниязов 48 саатка камакка алынды. Мындан тышкары, депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина суракка алынып, Атамбаевди колдоо максатында түзулгөн Элдик штабдын башчысы Кыяс Смалиев спецназчылардын барымтага алынышы боюнча тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка калтырылды.

Бул окуялардын шартында президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 9-августта Кыргызстанга кайтып келди.

Тексттик трансляцияны жыйынтыктайбыз

Урматтуу окурмандар, ушуну менен тексттик трансляциябызды жыйынтыктайбыз. Өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болсун!

Ошондой эле сиз 8-августтагы окуялардын хроникасын окуй аласыз: Атамбаев УКМКга сурак берүүгө жеткирилди. 8-августка карата негизги окуялар

Cиздер үчүн иштегендер: Айсымбат Токоева, Айдай Эркебаева, Айдай Иргебаева, Айзирек Иманалиева, Катя Мячина, Евгения Михайлиди, Бекжан Асылбеков, Элвира Султанмурат кызы, Алмир Алмамбетов, Рустам Халимов.