«Апрелдин» жамааты спецназдын рейди жүргөндөн кийин. Көрүүчүлөргө арналган видеокайрылуудан алынган скриншот

Эң эле айдан ачык түшүндүрмө — анткени сөз эркиндигин сактоо керек. Телеканалды обого чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу, андан кийин негизсиз себептер менен камакка алып, кызматкерлерди имараттан кууп чыгуу — бул «Апрелди» жабууга максатталган аракетти элестеттирген чектөө.

Ким эмне айтпасын «Апрель» окуяларга карата, мамлекеттин күн тартибинен айырмаланган альтернативдүү көз карашы менен маанилүү. Сизге балким анын ээси жакпашы мүмкүн, тагыраагы, жакында эле бир нече айыгышкан аракеттерден кийин кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, бирок аны телеканалдын ишмердигинен ажырата билиш керек.

Коомдо «Апрелге» жасалган басымды Атамбаевдин пропагандалык телеканалы же анын таасиринин куралы болушу мүмкүн деп актоо кооптуу. Анткени, биринчиден, эгерде ушундай болгон күндө деле мында мыйзамсыз эч нерсе жок. Экинчиден, көө сүйкөө менен басылманы жабуу калган ЖМКларды куугунтуктоону жеңилдетет.

Телеканалдын тагдырына, ээлеринен тышкары жападан-жалгыз таасир эте ала тургандар — бул көрүүчүлөр: жагабы — көргүлө, жакпайбы — көрбөгүлө. Эгер «Апрель» пропаганданын үстүндө иштейт деп эсептесеңер жана бул сизди абдан кабатырлантып жатса, анда өз телеканалыңызды ачыңыз, ал эми эгерде сиз бийликте болсоңуз, алар үч эсе күчтөнүп «туура жаңылыктарды» чагылдырышы үчүн «коомдук телеканал» аттулардын бюджетин көтөрө аласыз.

Саламат адамдар жашаган өлкөлөрдө басылманы зордуктап жабуунун ордуна, альтернатива жаратышат. Коомдо өнүгүү көптөгөн көз караштар жана пикирлер жаралганда пайда болот, ал эми талашып-тартышуудан жаңы идеялар жаралат.

ЖМКны басмырлоо, эч жакшылык менен бүтпөйт, анткени узак мөөнөттүү перспективада бул бир мамлекеттик көз караштын отурукташына алып келет. Башкача ой билдирүү экстремизм болуп саналып калат.

Эгер «Апрелди» коргобосок, формачан адамдар кийинки жолу сиздин артыңыздан келиши мүмкүн — ушул колонканы окуп жаткан адам. Анткени, оппозициянын артынан келишти (ал эми жок). ЖМКны кайрадан колго алышты, кезекте — сиз. Ушундай жол менен авторитаризм түзүлөт.