Cот Фарид Ниязовду октябрга чейин камакта калтырды

Сот отурумунан кийин

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов Бишкектин ТИЗО-1де 8-октябрга чейин калтырылды. Мындай чечимди 10-августта Биринчи май райондук соту кабыл алды.

«Ага адамдарды барымтага алуу жана башаламандыкты уюштуруу боюнча айып тагылды», — деп билдиришти КСПД партиясынан.

Милиция Фарид Ниязовду Атамбаев кармалган күндүн эртеси 9-августта эртең менен кармаган. Ниязовду «Альфа» атайын багыттагы бөлүктүн кызматкерлеринин барымтага алынышы боюнча иштин негизинде камакка алышты. Ушул эле иш боюнча ТИЗО-1ге Атамбаедин дагы төрт тарапташы киргизилген.

Спецназдын кызматкерлерин 7-август күнү кечинде Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясында барымтага алышкан. Алар атайын операциянын жүрүшүндө мурдагы президентти кармоо үчүн барышкан эле.

Атайын багыттагы бөлүктүн кызматкерлерине Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүшкөн. Спецназчылардын бир бөлүгү жарадар болуп, ошол эле күнү тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бир спецназ ооруканада каза тапкан. Барымтага алынган 6 спецназ 8-августта канаттандыраарлык абалда коё берилген.