Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Ак бата берүү кыргыз маданиятынын эң бир керемет салттарынын бири.

Бата берип жаткан адам негизи үй-бүлөнүн жашоосундагы абалды же адамды жакшы билет жана поэтикалык мүнөздө абдан конкреттүү каалоо-тилек айтат: «жашыл жайытты» — мал-жандыктын көбөйүшүн, «тамырдан кандын тез жүгүрүүсүн» — тез сакайып кетүүнү, «жаңы бешикти» — чүрпөлүү болууну, «бекем калканды» — ишенимдүү досту.

Салттуу кыргыз маданиятында ак батанын күчүнө аябагандай ишенишкен жана азыркы күнгө чейин ынанып келишет. Ошондуктан биз сиздер үчүн учурдагы эң актуалдуу 10 батаны топтодук.

Maнастын батасы

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Манас берген батада кыргыз эли өзүнүн көчмөн каада-салттарын унутпашы жана элдин максаттары орундалышы керектиги баяндалат.

Энеси суу кыргыздын,

Атасы тоо кыргыздын,

Булут менен келген эл.

Булуттуу тоонун ичинде,

Тоодо өнүп өскөн элге

Ойдогудай иш болсун,

Оодарылгыс тоо болсун,

Оморулгус бел болсун!

Бакай Ата батасы

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Улуу муундун кыргыз жигиттерине берген батасы. Анда жаш балдарга ар тараптуу, тарбиялуу, кайраттуу жана патриот болууну каалаган тилектер жаңырат.

Айтулуу шумкар көздүү бол,

Адам таппас сөздүү бол.

Байсалдуу артык үзүлбөс,

Бак баштаган күчтүү бол.

Балага балтыр бешик бол,

Бакытка ачык эшик бол.

Улууну сыйлап жетик бол,

Кичүүгө өмүр кешик бол.

Аккан суунун шары бол,

Балбандардын алы бол.

Оорулууга дары бол,

Опол тоодой кары бол.

Кыдыр болсун жолдошуң,

Кыйың күн башта болбосун.

Ыйык тут Манас ордосун,

Оомийин кудай колдосун!

Баба дыйкандын батасы

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Кыргыз элинин маанилүү баталарынын бири. Анда түшүмдүн мол болушу менен жер ийгиликтүү иштетилиши жөнүндө айтылат. Бул мол түшүм бир гана дыйкандарга гана эле эмес, бүтүндөй элге, жер жүзүндөгү бүткүл тирүү жандыктарга пайдасын тийгизиши керек.

Баба дыйкан жолдошум,

Бардык ишти оңдосун.

Бардык жерде колдосун,

Жар болуп, жылоолосун,

Жер кулагы жети кат,

Жер иштеткен адамзат.

Алас болсун аштыгың,

Уста пири — Дөөтү,

Амачыңды колдосун.

Жаштарга ак бата

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Жаштар үчүн бата. Бул батада жаш балдар жашоодо сөзгө чечен, көп кырдуу жана аман-эсендикте болушу жөнүндө айтылат.

Адам таппас сөздүү бол,

Ор коендой көздүү бол.

Курама темир, сом алтын,

Сууга салса кетпесин.

Теңир берген насибин,

Тепкилесе кетпесин.

Желеңдин ал четинен бул чети.

Жебе сызып жетпесин.

Көчкө бата

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Башка жерге көчүп бараткандар үчүн бата. Бул ак батада көчүп жаткандар үчүн жаңы өргө жагымдуу, жылуу жана жайлуу болушу, ал эми үй-бүлөнү ак ниет жана колдоо курчап турушу тууралуу каалоо-тилек айтылат.

Көчүң көлүктүү болсун,

Жолуң көрктүү болсун.

Конушуң куттуу болсун,

Коңшуң мыктуу болсун.

Босогоң бек болсун,

Түндүгүң эп болсун.

Жан жагың жайыл журт болсун,

Жамандыктан сырт болсун.

Башыңарга кетпес бак консун .

Ичкениң тунук суу болсун,

Өмүрүң түгөл дуу болсун.

Калдайып турган жер сүйсүн,

Калың кыргыз эл сүйсун.

Конушка бата

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Жаңы өргөгө көчүп жаткандар үчүн бата. Бул сөздөрдү алардын жакын адамдары айтышат: алар жаңы үйдө балдар ойноп, молчулук жана токчулук өкүм сүрүп, ал эми үй-бүлөнү өмүр бою ийгилик коштоп турушун каалашат.

Корооң кыктуу болсун,

Конушуң ыктуу болсун.

Жайлооң чөптүү болсун,

Жан-жаның көрктүү болсун.

Жаш балаңдын ойногону,

Жашыл сырдуу кайык болсун.

Оомийин!

Эки жашка ак баталар

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Жаңы баш кошкон жубайларга бата: узак жана бактылуу өмүр сүрүү, кол кармашып биргеликте максаттарга жетүү, көп балалуу болуу.

Кол кармашып өткүлө

Муратыңа жеткиле.

Саябалуу дарактай,

Болдуңар ак никелүү,

Бөлүнбөгүн эки эли.

Аппак келин уул тапсын,

Айдай жарык чекелүү.

Жүзгө чыксын жашыңар,

Аппак болсун чачыңар.

Чөбүрөңөрдү көргөндө,

Калтылдасын башыңар!

Жаш баланын кыркын чыгаруу батасы

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Бала жарыкка келгенден 40 күн өткөндөн кийин ага бата берилет. Анда ымыркай ден соолугу чың, бактылуу жана акылдуу болуп чоңойсун деген каалоолор айтылат.

«Кырк» атаңдын жөрөлгөсү,

Ата-энеңдин өбөлгөсү.

Кырк уруу кыргыз ичкен суу,

Кырк атабыз кечкен суу.

Кырк ашууну ашкан суу,

Кырк томолонуп келген суу.

Кыр таштарды кырккан суу,

Кызыр атам таткан суу.

Суудай таза бол,

Нурдай сулуу бол.

Дасторкон үстүндө айтылчу бата

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Дасторкондо айтылуучу бата коноктор тамактанып бүткөндөн кийин бериле баштайт. Мейменга келгендер үй ээлерине тилектерди айтышат. Алардын үйлөрүнөн кут кетпей, дайыма токчулук болушун каалап өтүшөт.

Ден соолугуң зор болсун,

Дасторконуң мол болсун.

Кайда барсаң алдыңда,

Жаркыраган жол болсун.

Умтулганың учурап,

Убадалуу кол болсун.

Басып кеткен жериңе,

Базарлуу калаа орносун.

Теңирим ишиң оңдосун,

Тегерете колдосун.

Эл башчысына берген бата

Алина Печёнкинанын Cultural Bridge үчүн жасаган иллюстрациясы

Жаңыдан шайланган эл башчысына берилчү батада адилеттүү жана акылман бол, элдин камын ойло деген сөздөр айтылат.

Талпынган талап берсин,

Чалгынга канат берсин.

Баяндуу бакыт берсин,

Карыбас убакыт берсин.

Акылчы бол, даана бол,

Калкыңа камкор маана бол.

Жакшыга жанашып жүр,

Жардыга карашып жүр,

Жамандан адашып жүр,

Жоого тың марашып жүр.

Чалкыгандын чамасын бил,ие!

Ак-каранын арасын бил.

Кубанычтын турагы бол,

Улан иштин булагы бол.

Жакшылардын ынагы бол.

Мээримдүүнүн чырагы бол.

Сабырлуунун сыңары бол.

Бек үлгүнүн чынары бол.

Тууралыктын тумары бол.

Көпчүлүктүн ынаары бол.

Макала «Каада Салттар, Ак баталар» аттуу китептин негизинде жазылды. («Шам» басылмасы, 2003-жыл, Абылдажан Акматалиевдин жетекчилиги астында).

Бул медиа продукт World Learning башкармалыгынын жана АКШ мамлекеттик департаментинин маданий программалар бөлүмүнүн каржылоосу менен Communities Connecting Heritage SM программасынын алкагында Cultural bridge долбоорунун катышуучулары тарабынан даярдалган.

Cultural bridge долбоору Youth of Osh коомдук бирикмеси жана Нью-Йорктогу Фольклордук коому тарабынан ишке ашырылат.

Бул материалда айтылган пикирлер сөзсүз эле АКШ мамлекеттик департаментинин пикирин чагылдырбайт.