УКМКнын мурдагы башчысы Сегизбаев суракка чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди ИИМдин Тергөө башкамалыгы суракка чакырды. Мурдараак айрым ЖМКларда Сегизбаевдин кармалганы туурасында маалымат жарыяланган, бирок анын туугандары муну четке кагышууда.

Сегизбаев суракка 13-август күнү барышы керек, бирок кайсы иш боюнча жана кандай негизде чакырылганы белгисиз.

УКМКнын экс-башчысы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча уюштурулган штурм күнү резиденциясында болгон. Ошол күнү ал санына жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Атамбаевдин башка тарапташтары да суракка чакырылган, айрымдары кармалган. Мисалы, мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов ТИЗО-1ге октябрга чейин калтырылган. Ал спецназдын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалган.

Буга чейин депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана Темирлан Султанбеков, «Ачык саясат» гезитинин Назгүл Мамытова жана жолдошу Фархад Борукеев бир нече жолу суралган. Ошондой эле Атамбаевдин уулу Сейитбек жана тууганы Нурбек Шаршенов да сурактан өтүшкөн.