Өмүрбек Бабанов. Сүрөт: «Турмуш»

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 12-августта үй-бүлөсү менен чогуу кичи мекенине — Таласка келди. Бабановду «Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын депутататтары Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев жана Таластын экс-мэри Анарбек Кушубеков коштоп барышкан.

Саясатчы жубайы жана балдары менен «Манас-Ордо» улуттук комплексин зыярат кылышкан.

Бабанов Кыргызстанга 9-августта кайтып келген. Аны «Манас» аэропортунда 200гө чукул тарапташы тосуп алган.

Мурдараак УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турган болсо кармалаарын билдирген. Бирок ал кармала элек. Ал эки кылмыш иш боюнча айыпталуучу катары өтүүдө — «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыктарды даярдоо» айыптары боюнча. Бирок экинчи иш азырынча токтотулуп турат.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Жээнбеков жеңип, Бабанов жеңилгенден кийин саясатчыга каршы кылмыш иштер козголгон. Ошондо Бабанов саясаттан кетээрин билдирген, андан көп өтпөй Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ал 2019-жылдын апрель айында берген интервьюсунда Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөр боюнча өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. Акыркылары ага каршы кылмыш иштерди токтотууну убадалашкан. Бабанов Атамбаевдин кармалышынан кийин гана өлкөгө кайтып келген. Атамбаев менен Жээнбеков бир жарым жылдан бери араздашууда.