Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Токмоктун темир жолундагы авария 12-августта саат 22:00 чамасында болгон. «Кыргыз Темир Жолу» маммекемесинин маалыматына ылайык, темир жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

«Кыргыз Темир Жолунун» башчысынын орун басары Русланбек Кадыркулов «Турмушка» билдиргендей, вагон менен бара жаткан локомотив токтоп турган вагонду сүзүп, рельстен чыгып кеткен.

«Манёвр ишинде [айнек заводунун] тепловоз вагондорду кармап кала албай койгон. Натыйжада темир жолдон чыгып кетүү орун алган», — деди ал.

Бирок «Кыргыз Темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Интергласс» айнек заводунун бригадасы нускаманы бузган — натыйжада поезд башкаруусун жоготуп алган.

Токмоктогу темир жол бекетинин кызматкерлери башкарылгыс курамды токтотуш үчүн темир жолго поезд багытташкан.

Бишкек — Балыкчы маршруту боюнча поезддин кыймылы авариядан улам үзгүлтүккө учуруган, бирок бүгүн кыймыл калыбына келтирилген.