Жаңжалдын биринчи күнүндө Атамбаевдин резиденциясында чөп жана чарбалык курулуштар күйгөн. Сүрөт: Азаттык

Укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн башчылары басма сөз жыйында 7-8-августтагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу учурундагы иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. «Клооп» күч кызматкерлеринин позициясын баяндап берет.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев парламент аны кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамынан ажыраткандан кийин суракка чакырыла баштаган.

УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев

Атамбаев мамтөңкөрүш жасагысы келген. Ал биздин кийинки кадам аны мажбурлап алып келүү болот деп эсептеген. Ошондуктан жанында аялдар менен балдарды кармаган, алар болсо күнүнө эки-үч миң сом ала алышкан. Резиденцияда дарбазанын айланасында чөптөр менен жабылган таштар болгон. Атамбаев кан төгүлүшүн каалаган. Мамтөңкөрүш жасоо үчүн ага кан төгүлүшү керек болгон эле. Ою ушундай болгон.

Атамбаев ИИМ менен УКМКнын бардык аракеттерин билген. Бул атайын операци болгон эмес. «Альфа» спецназы Атамбаевди кармай турган ыкчам топту гана коргогон. Спецназ ыкчам топ үчүн коргоону камсыз кылып турган, ошондуктан алар аз болгон. Алар коридор жасашы керек болчу. Мажбурлап алып келүүнүн беш варианты иштелип чыккан.

Азыркы вариант эң эле реалдуу, эң оптималдуу болгон, себеп дегенде биздин ар бир аракеттерибиз, ИИМ менен УКМКнын иши тууралуу дароо Атамбаевдин штабына жеткирилип турган. Анткени Абдил Сегизбаевдин [УКМКнын мурдагы башчысы жана Атамбаевдин тарапкери] органдардын мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин арасында маалыматтоочусу болгон. Ошондой эле бул жерде Улан Исраилов да [Атамбаевдин тушунда ИИМди жетектеген] иш-аракетке тартылган. Алар дароо бардыгын Атамбаевге жеткирип, бул үчүн акча алып турушкан. Ошондуктан бизге күтүлбөстүк керектелген.

Кесиптештерибиздин көпчүлүгү операция начар жана коргоосуз өткөнүн айтышкан. Бул жердеги спецназдын ар бир аракети Атамбаевге жарым саатта жеткизилип, Кой-Ташта дароо адамдар чогулуп турган — 500 адамга чейин. Негизинен балдар, аялдар жана абышкалар чогулушкан, анткени ага кандын төгүлүшү керек болчу. Кан төгүлгөндөн кийин ал буга бийликти айыптап, мамтөңкөрүш жасай алмак. Ою ушундай болчу.

Биз 7-августту тандаганыбыздын себеби Балыкчыда күч органдарына окутуп-үйрөтүү болуп жаткан, биздин «Альфа» спецназыбыз ошол жакта эле, бирок биз аларды атайын акыркы учурда Кой-Ташка чыгарып кеткенбиз. Бул тууралуу төрт киши билген, Атамбаевдин штабынан бул боюнча билишкен эмес.

Атамбаев кармалаарына даярданган. Бизге дарбазаны ачышпай, спецназ дарбазадан ашып түшкөн. Аларды душмандардай көрүп таш менен чапкылай башташкан. Ошол учурда Атамбаев коёндой болуп иинине качкан. Жанында эки күзөтчү болгон. Биз аны үйүнө жакындатпоону максат кылганбыз, бирок тарапкерлери таш ыргытышкандыктан качып кетүүгө үлгүргөн.

Анысы аз келгенсип үйүнө бункер жасап алган. Ичинде снайперлер үчүн букмалар жасалган. Бардык терезелер менен эшиктер темир торлонгон эле. Жеринен Драгуновдун снайпердик мылтыгы табылган. Бул олуттуу курал, аны менен Орусиянын атайын кызматтары куралданышат. Биз эки цинк үкөгүн таптык, алардын ар биринде 480 патрон болгон. Ал дээрлик 1000 патрон, төрт-беш мылтык, тапанчаларды даярдаган. Буга дарядык көргөн. Менин жигиттерим курал колдонбой киришкен — Атамбаевдин тарапташтары тарабынан бир да тургун, бир дагы адам жабыркаган эмес, жарадар да болгон жок.

Атамбаев үйүнөн чыкчу эмес, түнкүсүн 70 адам кайтарган, аларга күнүнө бир миңден үч миң сомго чейин төлөшкөн. Атамбаев эмне үчүн кача баштаган? Эки ыкчам кызматкер ага тынч эле токтомду берип коюшмак, окуган соң барбайм деп айтып коё алмак да. Балдарым тынч эле күбө катары тергөө башкармалыгына жеткирип коюшмак . Ою башкача болгон.

Атамбаевдин тарапташтары күч органдардын кызматкерлерин сүрүп чыгаруу максатында Кой-Таш айылында жолдогу чөптү өрттөшкөн. Kloop.kg үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Тынч элге ок аткан жокпуз. Менин балдарым селт этишкен да жок. Шаардан дагы спезназдын 300 аскерин, ИИМдин 800 кызматкерин көтөрдүк. Жанымда Чүй ОИИБинин башчысы турган, ошол учурда башына дубалдын артынан таш келип тийди. Жаныбызда ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов жана ИИМге караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгын башчысы Талант Исаев болгон — биз алдыга кеттик, таш ыргытып жатышты.

Жигиттеримди сактай албаганыма өкүнөм, анткени бизге каршы таш ыргытып жатышкан, бактарды араалап кесишкен. Бирок балдарым корккон жок, калып калышкан жок, тынч калкка ок атышкан жок. Аягына чейин туруп милдеттерин аткарышкан.

Аларды сабап жатышканын көрдүңөр, мыйзам боюнча алар өз коопсуздугун сактоо максатында курал колдонсо болмок, бирок алардын бирөөсү да мындай кылган жок. Бул спецназдын эрдиги. Ооба, аларды өлтүрүшкөн, аларга ок атышкан, бирок алардын бирөөсү да ок аткан эмес. Жарандык калк жабыркабашы үчүн алар менин буйругумду аткарышкан. Ушунун айынан бир кызматкерим, эң мыктылардын бири каза тапты.

Расмий бир жарандык адам октон жарадар болгон жок. Ал жакта Сегизбаев өлүмүш болуп жаткан, аны эч ким аткан эмес. Балким бир жерден урунуп алсак керек. Көгала болуп жүргөн.

Атамбаев жабырланта аткан. 8-августта, Атамбаев өзүнүн эмоционалдуу сөзүндө «Альфанын» кызматкерлерине ок атканын айткан. Мен анын огунан жабыркагандардын баарын санап берем.

Штурм учурунда «Альфанын» начальнигинин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапкан, маркумдун артында алты баласы калды, кенжеси 1,5 жашта. Жалпысынан «Альфанын» 57 кызматкери, беш ыкчам аракет көрүү кызматкери жана башкармалыктын үч начальниги болгон. Эч ким качып кеткен жок, бардыгы тең аягына чейин турушту. Анан Атамбаевдин уялбай туруп «Алар шоколаддан башкасынан бардыгын алышты» дегени абдан туура эмес жана таш боордук болуп калды.

Соттук-медициналык экспертиза көрсөткөндөй, Ниязбековду соот тондун үстүнө так жүрөк тушка атышкан. Өлтүрүүчү, жабырланткан атуу болгон. Аны бутуна, колуна атышкан болушу мүмкүн, бирок ок жүрөккө, жабырлантма атуу болгон. Үсөн дароо каза тапкан.

Жаш бала, ага лейтенант эки колуна ок тийип, алаканынын төрт манжаларынан ажырап, көзү агып түшүп калды. Майор сол колунун иинине, жүрөгүнүн тушуна ок жеп жарадар болду. Дагы бир лейтенанттын төшүнө ок тийди.

Полковник курсаына ок жеп жарадар болгон. Бул менин жердешим, күчтүү кызматкер, террористтерге каршы операцияларга бир нече жолу катышкан. Анан мынтип курсагына ок жеп отурат. Бардыгы жабырлантма атуулар болгон.

Бул бетпактыкка салып эле көзкөөрүнө адам өлтүрүү — тергөө бардыгын укук талаасында далилдейт.

Ниязбековду мамлекеттик «Эрдик» сыйлыгына көрсөтөм, сентябрда ал полковник наамын алышы керек эле, бирок ага наамды көзү өткөндөн кийин ыйгардым. Кызматкерлердин көбү сыйлыктарга көрсөтүлөт. Ниязбековдун үй-бүлөсүнө мыйзам боюнча айлыгынан 200 көрсөткүч өлчөмдө бир жолку жөлөкпул берилет. Балдарына, үй-бүлөсүнө жардам беребиз, бул биздин милдет, аларды кароосуз калтырбайбыз.

Үсөн Ниязбековдун тажиясы. 9-август. Сүрөт: АКИпресс

Президент баарын билген. Албетте, Сооронбай Жээнбеков кармоонун бардык беш варианты тууралуу билген. Сооронбай Шарипович ок атуучу куралдарды колдонбоо тууралуу жана жарандык калктын арасынан бир дагы курмандык болбосун деп катуу буйрук берген.

7-августта атайын операция өткөргөн эмеспиз, ыкчам топ жөн гана Атамбаевге мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду бериш керек эле. 8-августта атайын операция өткөрүлгөн, анда штурм кылуучу топ катышкан — алар Атамбаевди кармоо тапшырмасын алышкан. Алар толугу менен куралданган, толук даярдыкта болушкан.

Аларга кырдаалга жараша аракет көргүлө деген буйрук берилген. Атамбаев тараптан курал колдонулса адекваттуу аракет көрүлсүн делген. Биз аны баары бир кармашыбыз керек эле, ал дайыма колго түшүп бербешин айткан. Мындайча айтканда ал коркок. Куралсыз жигиттеримди атканы — бул бетпактык жана мыкаачылык.

Отставкага баарын отургузгандан кийин кетем. Мен ишти аягына чейин жеткирем, баарын отургузам, өзгөчө менин балдарымды ургандарды отургузам, баарын мыйзам чегинде кылам. Андан кийин кетем.

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев

Мыйзам боюнча ок чыгара алмакпыз, бирок аны кылган жокпуз. Атамбаев Кой-Ташты өзүнчө республика деп атап, ок чыгараарын айткан. 7-августта каршылык көрсөттү, адамдарды өлтүрдү, жарадар кылды, сабады. Бул коргонуу эмес, бул мыйзам бузуу. Мыйзам боюнча эгер кызматкерлерибизге коркунуч жаралса ок чыгара алмакпыз. Бирок кан төгүлүп кетпесин деп, ал жерде таң аткыча болуп, курал колдонбодук.

8-августта тынчтыкты кайтаруу үчүн Кой-Ташка бардык. Бизге каршылык көрсөтүштү, машиналарыбызга «Молотов коктейлдерин» ыргытышты.

14:00 чамасында Атамбаевдин үйүнө кирип, атайын каражаттарды колдонуу тууралуу эскертүүлөрдөн кийин сүйлөшүүлөр башталган. Ичинде Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева бар болчу. Кундуз колго түшпөйбүз дегени менен акыры макул болду.

Шаарга кетели дегенде бизге дагы бир жолу каршылык көрсөтүштү. Жигиттерибиз кеч киргенге чейин Кой-Ташта болушту.

Ала-Тоо аянтына чогулгандар жаш балдар, алардын арасында соттолгондор, баңгизатка берилгендер жүргөн, бийликти басып алууга аракет кылышкан. Алардын артында мурдагы жана учурдагы депутаттар турган. Азыр тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен мунун артында кимдер турганын айтып беребиз.

Милициянын 79 кызматкери таш баранга кабылып, жарадар болушту, анын ичинен экөө абдан оор абалда. Бирок бирөөсү дагы элибизди сыйлап эч кандай күч колдонгон жок.

Ооруканага 170 адам кайрылган, алардын 79у — милиционердер, 30га чукулу — спецназчылар, калгандары жарандарыбыз. Тергөөнүн алкагында алар кайда, качан жана кандай жагдайларда жарадар болушканына баа беребиз.

Спецназчы Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуудан кийин көзүнөн жаракат алган. Kloop.kg үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов

Жээнбеков Атамбаевдин үйүн штурмга алуудан кийин козголгон кылмыш иштерин жеке көзөмөлүнө алды. Ошондой эле Атамбаевдин мүлкү камакка алынды. Анын мүлкүнүн тизмеси 120 объекттен турат.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда тарапкерлери каршылык көрсөткөндүктөн улам 40 адам кармалган. Алардын өздүктөрү такталган соң укук коргоо орган кызматкерлери 34 адамды коё беришкен.

Атамбаевдин тарапкерлери кырдаалды тактоо үчүн сурактарга чакырылып жатат, анткени алар 7-8-августта эмне болгонун көрүшкөн.

Ошондой эле башкы прокуратуранун өкүлдөрү билдиришкендей, 7-8-августтардагы окуялар боюнча бир катар сотко чейинки өндүрүштөр каттоого алынган: «Тергөө иштерине жолтоо кылуу», «Массалык тартипсиздиктерди уюштуруу» , «Ээн баштык», «Адамдарды барымтага алуу», «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук колдонуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өлтүрүүгө кол салууну уюштуруу».

Атамбаевге бир катар өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектөө боюнча билдирме барды: «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук колдонуу», «Массалык тартипсиздиктерди уюштуруу», «Адам өлтүрүүнү уюштуруу», «Адам өлтүрүүгө кол салууну уюштуруу», «Адамдарды барымтага алууну уюштуруу».