Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин «Жаңы жүздөр» гезитине берген толук интервьюсу

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу — алдын ала пландаштырылган чагым

7-8-августта апам менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөм. Кой-Ташта болуп аткан окуя тууралуу ошол эле күнү, маалымат сайттарындагы кабарлардан улам билдим. Бул биз үчүн биринчи жолу эле түзүлгөн аргасыз кырдаал эмес, 2010-жылы да ушундай эле окуя болгон. Атамбаевдер — чыдамкай адамдар, атам бизди моюн сунбоого үйрөткөн, ошондуктан биз духубузду түшүрбөйбүз. Бул дыкат пландалган чагым экенине көзүм жетет. Ал баарын атамдын мойнуна илиш үчүн ирээтсиз өтүп, курмандыктардын максималдуу болушуна алып келген.

Суракка мажбурлап алып келиш үчүн алар таңкы саат 5те келиши керек болчу экенин билдим. Бирок алар кечки саат 8де келишти, бул маалда жөнөкөй жарандардын саны көп болчу. Атам аялдар менен балдар келгенде туптуура жарым саатка короого чыгат. Так ошол учурда бийликтегилер штурм уюштурушту, бул жеткен чеги жоктук да. Штурмду баштай турган жер деп борбордук дарбазаны тандашыптыр. Бул деген качып жаткан жарандар кандай болгон учурда да спецназ менен кагышышты дегенди билдирет. Тагыраагы, биздин тарапкерлердин бардыгы, аялдар менен балдарды эсепке алганда кырдаалдын туткуну болуп калышты.

Эгер алар үйдүн башка дарбазасынан киришсе, анда таңкы саат 5те аларды эч ким байкамак эмес. Бул учурда адамдар мурдагыга караганда кыйла аз болчу. Алар жаңжалга алып келе турган жерди тандап алышкан. Өзүңөрдү туугандары бул жерде калып калган Кой-Таштын жашоочуларынын ордуна коюп көргүлө. Алар Атамбаев үчүн гана эмес, барымтага алынган туугандарын куткарууга барышкан. Адамдарды өчөштүрүштү.

Бул жерде спецназчылардын саны деле 20 адамдан ашкан эмес, дал ошол штурмга ала турчу бөлүк. Кийинчерээк экинчи же үчүнчү күнү, УКМК 40тан ашуун курал-жарагын жоготкондугун билдирди, тактап айтканда курал-жарак аскерлердин өзүнөн эки эсе көп болгон. Алар куралдарды тарапкерлерибиз тартып алганын каалашкан, бирок атам дароо аны күч кызматкерлерине кайтарып берүүнү буйрук кылган.

Атамды мамкүзөттүн кызматкерлери коргоп жатышты. УКМКнын «Альфа» спецназы атамды мамкүзөт кайтарып жатканда үйдү штурмга алууга барганы укмуштуудай кырдаал. Ошондо бул жерде бир гана күч кызматкерлерин элге каршы кайраштырышкан жок, УКМКнын кызматкерлерин да кайра УКМКнын башка кызматкерлерине каршы өчөштүрүштү. Менимче мамкүзөттүн кызматкерлери атамды коргош үчүн болгон күч-аракетин жумшашы керек болчу.

Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу. 7-август күнү кечинде. Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Атамбаев эч кимди аткан эмес

Атам ал гана ок атканын айткан болчу, бирок мен ал эч кандай ок чыгарган эмес деп ишенем. Мен үйгө кире алгандан кийин экинчи, үчүнчү кабаттардын өтмөктөрүн текшерип, эч бир кандын изин тапкан эмесмин. Бир спецназды төшүнө жарадар кылышканын негизге ала турган болсок, анда кандайдыр бир кандын изи калмак да. Кум салынган каптар да эч нерсе болгон эмес. Акыры, ок тийиши үчүн темир тосмонун эки катынан өтүш керек эле. Тагыраагы, атам кимдир бирөөнү жарадар кылышы же өлтүрүшү мүмкүн эмес. Бул кокустук же бизден кеткен, же алдын ала пландалган чагымдын айынан. Кан төгүлүшүн биз эмес, алар каалашкан.

Анын [атам] атып жатканын [бир да жолу] көргөн эмесмин деп каргана алам. Башка президенттер кандайдыр бир бычактарды белек кылып калышчу, бирок аларды колдонгонун көрбөпмүн. Анын велосипедден туруп бутага аткан адаты жок болчу.

Биринчи кабаттан экинчи кабатка көтөрүлүп баратканда кандын издери бар, экинчиден үчүнчү кабатка баратканда жок. Атам ошол маалда үчүнчү кабатта болчу. Атам [спецназды] атам деп айтканы жөн эле сөз экенин билчүмүн.

Спецназчынын өлүмүнө бийлик күнөөлүү

Атамдын спецназчы Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө тиешеси жок деп эсептейм. Ал башка бирөөнүн күнөөсүн мойнуна алуу максатында өзүн айтып койсо керек деп ойлойм. Каза тапкан күч кызматкеринин үй-бүлөсүнө көңүл айтам, бирок спецназчынын өлүмүнө Атамбаев эмес, бийлик күнөөлүү деп айткым келет. Атам 31-июлда бул маселеде чекитти сот коёт деп айткан. Атам өлкөдөн кетпесин жана аны Сапар Исаков же Кубанычбек Кулматовдой кылып жөн жерден эле ТИЗОго отургузуп салышпайт деп бир нече жолу айткан. Бирок спецназга биздин үйдү штурмга алгыла деп буйрук беришкени — бул түп-тамырынан туура эмес чечим болгон.

«Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун зыяраты

11-августта айрым бир адамдардын тобу үйгө келишкен, бирок мен алар эмне кылышканын түшүнгөн да жокмун. Алар өз ишин кылып жатышат. Атамдын үйүн штурмга алууда болгон чагымдарды эске алганда, бийликтен чындыкты укпай калабызбы деп корком.

Бийлик коркутуп-үркүтүү саясатын баштады

Бул окуя бизди мобилизациялады, биз тарапкерлерибиз менен байланышып жатабыз. Билишимче, азыр бийлик коркутуп-үркүтүү саясатын баштады. Бул окуялардын учурунда бир эле биздин тарапкерлер эмес, окуядан колдонуп кетүүнү каалашкан маргиналдар да чыгышкан. Азыр алар эркиндикке чыгыш үчүн каалаганын күнөөлөй алышат, каалаганын айта алышат. Адамдар УКМКнын тергөө абагында эки ай кармалгандан кийин Батукаевдин иши боюнча атама каршы көрсөтмө бере башташты. Азыр да ошондой болот: аларды эки ай изолятордо кармашат, андан кийин каалаган кагазына кол коюп беришет.

Атам соттун чечимин кабыл алам деп айткан, анткени апама болгон басым бардык чектен ашып кетти. Ал көмүскө кардинал болгон деп, Манас Арабаев [Атамбаевдин убагындагы соттук реформага жооптуу адам] менен кандайдыр бир байланышкан деп жалган маалымат берип жатышканы бул сандырак сөздөр.


Агам Сейит штурм учурунда биринчи күнү бутунун эки бармагын сындырып алыптыр. Агамдар эч нерсе айтпоо тууралуу кагазга кол коюп беришкенин билем. Мен аларга каршы кылмыш ишинин бар-жоктугун айта аламбы же жокпу билбейм. Эгер бийлик апама каршы бир нерсе ойлоп чыга алышкан болсо, анда мындайды агаларыма каршы да оңой эле жасай алышат, мага каршы да, бүткүл үй-бүлөбүзгө да каршы. Бул кокондук стилдеги өч алуу.

Атамбаев өзүнүн үйүндө күч органдарына колго түшөөрдүн алдында сүйлөшүү өткөрүп жатат

Көбү Атамбаевдерге ошондой болмок деп бумерангдын эффекти тууралуу айтып жатышат, бирок мен табалоо жакшылыкка алып келбейт деп эсептейм. Силер ошондо «Сентябрды» жапкансыңар, эми «Апрель» телеканалын жабышты деп баары айтып жатышат. Бирок менин эсимде бар, «Сентябрга» каршы доону Асылбек Жээнбеков өзү койгон. Аны жаман аттуу кылышкан деген сыяктуу, ал жакта эскстремистик материалдар болгон делген. Силер башкаларды шайтан кылып жатасыңар. Атамдын катасы — ишенгичтигинде.

Атамбаев өлкөнү энергетикалык жана идеологиялык көз карандысыздыкка алып келди

Кыргызстанда адилеттик бар деп ишенем, анткени болуп өткөн окуяларды жашырып да, жаап да коюуга мүмкүн эмес. Адамдар 7-8-август, анын себептери жөнүндө чындыкты айтып чыгышат. Атам эртели-кеч эркиндикке чыгат деп ойлойм. Эгер ал катачылыктарды кетирген болсо деле өлкө үчүн кылгандары — аларды кыйла басып өтөт. Мисалы, энергетикалык жана идеологиялык көз карандысыздык. Ошол эле Көчмөн оюндары. Алгачкы өнүктүрүү институттары, ЕАЭБге кошулуу, санарип транформациясы, инфраструктуралык долбоорлор. Мунун бардыгын чийип салууга болбойт.


Камакта атам отурбашы керек, муну убакыттын өтүшү менен адамдардын көбү түшүнө баштайт. Бизде бул оор болгону менен өч алууну талап кылган жокмун. Мен болгону адилеттүүлүктү талап кылам. Адилеттүүлүк эртеби же кечпи бизге келээрин түшүнөм.

Атам саясатка кийлигишүүгө тыюу салчу

Өлкөдөн эч бир жакка качпайм. Мен Айдарчик [Акаев] эмесмин, Максим [Бакиев] эмесмин, мен бул өлкөнү тоногон жокмун.

Үйдү калыбына келтирүүгө аракет кылабыз, азыр ал өтө начар абалда. Менде да, апамда да башка кыймылсыз мүлк жок. Мен бул жерде [үйдө] болушум керек, бул жерде жашашым керек. Бул ата-бабаларымдын жери. Башка жакта жашаганга жерибиз жок, бул биз жашай алчу жападан-жалгыз кыймылсыз мүлк. Үйдөн кетким келген жок.

Кадыр Атамбаев штурмдан кийинки үйдүн ичинде

Атама татыктуу уул боло алдым деп ойлойм. Бул жылдардан бери үй-бүлөбүздүн мүчөлөрү жөнүндө көптөгөн адамдар билген да, уккан да эмес. Атам бизге саясатка аралашууууга катуу тыюу салчу. Бир кезде атам Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууга чакырды, Германиянын тарыхынын чоң фанатымын. Азыр билим экономкада кандай жайылып жаткандыгы тууралуу идеяны өнүктүрүп жаткандагы экинчи китебимди жазып жатам. Докторантурага тапшырууну пландап жаткам, [универститеттерден] чакыруулар бар. Бир жагынан Кыргызстандын келечеги үчүн атамдын көз карашын кармап калууга аракет жасагам, анткени анын тушунда алгачкы өнүктүрүү институту пайда болду, мамлекет өнөр-жай тармагын кайтадан калыбына келтире баштады. Ошондон улам биз өлкөнүн келечегин кандай көрүп турганыбыз жөнүндө көп нерселерди айтып бере алмакмын деп ойлойм.

Кайсы бир убакта атам бизден саясатка аралашпайбыз деген сөз алган, бирок ата кечирип коёсуз, анткени мен сөзүмдү бузууга аргасызмын, себеби үн катпай, болуп жаткан башаламандыкты карап отуруу өтө эле пайдасыз. Кантип болсо да өз пикиримди билдирүүнү жан дүйнөм талап кылып жатат.