Эмне болду?

13-август күнү кечинде коомдук тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы кармалуусу тартылган видео жарыяланган. Ошондой эле бул видео WhatsApp мессенжеринде да таркатылган. Видеонун титрелинде ошол учурда ички иштер министринин орун басары болуп турган Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаевден акча, кымбат баалуу буюмдар жана жашыруун документтер салынган кызгыл баштык алганы айтылган.

«Асанов, сүйлөшүүлөр учурунда Атамбаев менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, чычкандай болуп жанына баштыкты көтөрүп кетти, аны буюм далилдер катары тергөө органдарына өткөрүп бериши керек болчу», — деп айтылат видеодо.

Баштыкта документтер гана болгон — адвокат

Адвокат Замир Жоошев фейсбук барагында баштыкта «кылмыш иштеринин алкагында Атамбаевдин коргоосун жүзөөгө ашыруу үчүн керектелген» документтер гана болгонун жазган.

Жоошевдин айтымында, анын коргоп жаткан адамы жана Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева мурдагы президент УКМКга алынып келингенден кийин баштыкты адвокат Сергей Слесарёвго өткөрүп берүү үчүн жанына көтөрүп кеткен.

«Андан кийин баштыктагы документтер Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёвко берилген, ал эми ээн баштыктын өзү менде. Алмазбек Атамбаев Курсан Асановго кымбат баалу буюмдар менен акча берди делген фейк маалыматтарга ишенбегиле. Эгер ошондой болсо анда баштык көзкөөрүнө берилбейт эле да», — деп жазган Жоошев.

Вот тот самый ПАКЕТ. Он на сегодня у меняПакет изначально предназначался адвокату Алмазбека Атамбаева - Сергею...

Posted by Замир Жоошев on Tuesday, August 13, 2019

Асанов өзү да Атамбаевден пара алганы тууралуу маалыматты «Спутникке» курган маегинде четке каккан.

«Андай эч нерсе болгон эмес», — деп билдирген министрдин мурдагы орун басары.

Курсан Асановдун ээлеген кызматынан бошотулушу

Асанов «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы» жана «өзүн-өзү пиарлаганы» үчүн 13-августта бошотулган. Анын кызматтан алынышы коомдук тараптарда ар түрдүү реакцияларды жараткан. Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевди бийликтин колуна түшүрүү үчүн мурдагы президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Күч кызматкерлеринин версиясына ылайык, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок ал колго түшүп берүүдөн баш тарткан. Анда Жунушалиев Атамбаевди штурм кылууга аргасыз болушаарын эскертип, ойлонууга үч мүнөт берген.

«Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп, чыгууга даярданып калган кезде Курсан Асанов жеке кызыкчылыгын көздөп, [...] Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен. [...] Ал пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттырган», — деп айтылат жаңыртылган пресс-релизде.

Азыр иликтөөнүн жыйынтыгына юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Абылгазиев ИИМдин башчысынын орун басарлык кызматына Памирбек Асановду дайындады.

Алмазбек Атамбаев өзү камакта, ага кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу иштин негизинде коррупция боюнча айып тагылган. Андан тышкары, мурдагы президент укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу, массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.