Кадыр жана Раиса Атамбаевалар. Сүрөт: SPUTNIK Кыргызстан/Табылды Кадырбеков

Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр УКМКнын имаратына 16-август күнү эртең менен келишкен. Ал жерде сот коллегиясы Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап жатат.

Атамбаевдин уулу Кадыр атасына карата бөгөт чараны УКМКнын имаратында кабыл алууну «коркоктук жана эки жүздүүлүктүн кезектеги белгиси» деп атады. Аны да, апасын да отурумга киргизишкен жок.

«Бөгөт чарасы шаардык сотто каралышы керек болчу. Акыркы мүнөттөрдө чечимди өзгөртүп, УКМКда өткөрмөй болушту. Менимче жабык жайда, төрт дубалдын ичинде каалаган чечимди чыгарып койсо болот деген максатта жасалып жатат. Ошондуктан бүгүн оң чечим болоруна деле ишенбейбиз», — деп билдирди мурдагы президенттин баласы.

Ал көчмө жыйындан оң жыйынтык күтпөгөнү менен бары бир деле атасы менен жолугушууга үмүттөнөөрүн айтты.

Раиса Атамбаева сотторго басым кылуу боюнча айыптарга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. Буга чейин ага каршы соттук реформага мурда жооптуу болгон Манас Арабаев күнөө койгон болчу.

Раиса Атамбаева отказалась от комментариев по поводу обвинений в давлении на судей, которые против нее выдвинул бывший ответственный за судебную реформу Манас Арабаев.

Мурдагы президентке каршы бир нече айып коюлган, алардын ичинде «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «адам өлтүрүүгө кол салуу уюштуруу», «адамдарды барымтага алууну уюштуруу» жана башкалар бар.