Баткен өрүгү жергиликтүү элдин негизги киреше булагы. Жыл бою өрүк бак карап, курт-кумурскадан асырап, түшүмүн жыйнап, кургатып, үй-бүлөлүк бюджетин өрүк менен гана толтурган тургундар миңдеп саналат. JIA бизнес ассоциациясынын Баткендеги филиалынын аткаруучу директору Шералы Касымалиев баткен өрүгүнүн келечеги, наркы жана баркы боюнча «Клоопко» маек куруп берди.
Учурда баткен өрүгү кайда сатылууда?
Баткен облусунда өрүк бактын жалпы аянты 7 миң гектерды түзөт. Учурда өрүктүн жыйырмага жакын сорту аныкталган. Алардын ак өрүк, субханы, исфарак жана кандек деп аталган 4 түрү кеңири жайылган. 10 миң тоннадан ашык ак өрүктү бышары менен эле соодагерлер Казакстан, андан ары Орусияга ташып сатышат. Ал эми башка сорттору кургатылып какка айланат. Кургатылганы 20 миң тоннага жетет. Бейрасмий маалыматтар боюнча, кактын 80 пайызы Тажикстанга сатылат.
Бул статистика кантип аныкталган?
Базардагы абал бизге мына ушундай жыйынтык чыгарууга негиз болуп жатат. Өрүктү сатып алган ортомчунун 80 пайызы Тажикстанга тиешелүү соодагерлер болууда. Калган өрүктөр кайра иштетүү жолу менен Кыргызстандын базарларына, азыраак бөлүгү сыртка чыгарылууда.
Тажикстандын тажрыйбасын биздин ишкерлер эмне үчүн пайдалана албай жатышат?
Бул жерде бир топ себептер бар. GIZ Германиянын эл аралык кызматташуу уюмунун эксперттинин 2015-жылдагы маалыматына караганда, жалпы Кыргызстан боюнча өрүк бактын аянты 41 миң гектарды түзгөн. Ал эми Тажикстандын бир эле бир районунда 41 миң гектар өрүк багы болгон. Демек, коңшу өлкө өрүк иштетүүгө комплекстүү мамиле жасаган үчүн биздин өрүктөр да Тажикстан аркылуу эл аралык рынокко чыгып атат. Учурда тажик өрүгү Орусия жана Казакстандын базарларын ээлеп, Европага чейин эскпорттолууда.
Биз эмне үчүн комплекстүү мамиле жасай албай жатабыз?
Биздин багбандар өрүктү бизнес катары карай элек. Ата-бабадан бери келе жаткан иш деп түшүнөт. Мурда кандай кургатса азыр деле ошол жол менен эле келе жатышат. Эл аралык базар кандай сортторду талап кылат, сапаттуу кургатуу үчүн кандай технологиялар пайда болду, бул боюнча биздин элде маалыматтар чектелүү болууда. Айыл чарба министрлиги бул багытта комплекстүү иш алып барышы керек.
Жаңы технология менен өрүктү кайра иштетип жаткан кайсы компанияларды атап бере аласыз?
Мисалы, «Мол-Түшүм», «Алыш-Дан» органикалык айыл чарба кооперативдери, «Алтын-Аймак», «ДАНЕКО» жана «Интер Фрудс» жооперчилиги чектелген коомдору өрүктү кайра иштетип жатышат. Бул ишканалар ички рынокко жана экспортко чыгарып атышат. Акыркы маалымат боюнча «Алтын-Аймак» ишканасы АКШнын маркетине компаниялары менен келишим түзүп, иштей баштады. Ошондой эле экономика министрлиги JIA ишкерлери менен бирге Жапониянын JICA эл аралык уюмунун колдоосу менен «Бир айыл — бир продукт» долбоорун ишке киргизип, «Анзубоши» (туздалган өрүк) азыгын өндүрүүнүн үстөндө иштеп жатышат.
Жаңы технология деп кеттиңиз, мурдагы кургатуу ыкмасы менен азыркынын кандай айырмасы бар?
Мурда багбандар өрүктү кагып туруп эле дарылап салган болсо, жаңы технологияга ылайык, органикалык таза азык экенин тастыктоо максатында өрүктү сугаргандан баштап био жер семирткичтерди берип, таза бышканда атайын чатырга кагып, бир-бирден кол менен тизип, чаң түшпөш үчүн бийик жерде кургатышат.
Бул багытта JIA тарабынан конкреттүү иштер болдубу?
Баткенде иш баштаганыбызга быйыл үч жыл болду. Бул аралыкта өрүктөн беш түрдүү продукция чыгарганга себепчи болдук. Мисалы, өрүктөн шербет, сироп, өрүк-курут, ал эми данегинен май, печенье чыгара башташты.Өрүктү сатуу же кайра иштетүү багытта бардык тараптар менен кызматташууга ачыкпыз. Алдыңкы технологдорду таап келип, жаңы ишканаларды ишке киргизүүгө консультациялык жардам бере алабыз.
Баткен өрүгүн Кыргызстан өзү экспортко чыгарышы үчүн кандай шарттар түзүлүшү керек?
Бул багытта кеңири масштабда иш жүрбөсө, саналуу компаниянын аракети менен иш алдыга жылбайт. Жөнөкөй эле мисал, эгерде кайсы бир өлкөнүн маркет компаниясы бүгүн бизге келип, айына 20 тонна мыкты сапаттагы кандек өрүгүн алам десе, бул буюртманы кабыл ала турган компания бизде жок. Себеби, анча көлөмдө кандек өрүгүн эч бир компания камсыздап бере албайт. Ошондуктан өрүктүн сортун, сапатын, технологиясын камсыздай турган мамлекет тараптан программа түзүлүп, биринчи кезекте өрүктү сактай турган логистикалык борборлор курулуш керек. Мындай комплекстерди кура турган ишкерлер деле чыгат. Бирок аларга учурда жер жана электр энергия маселелерин чечүү бир топ көйгөй жаратууда.
Бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылуулар болду беле?
Расмий түрдө кат менен кайрыла элекпиз. Бирок жыйындарда ишкерлер көйгөй катары айтып эле келишет. Жергиликтүү бийликтин кабары бар. Бирок алар да өз деңгээлинде көмөк көрсөтүүгө аракет жасаганы менен көйгөй системдүү жол менен чечилбей калууда. Айыл чара министрлиги эл аралык уюмдардын колдоосу менен дыйкандарды окутуп, жаңы технологияны жайылтыш керек болчу.
Айыл чарба министрлигине дагы кандай сунуштарды берет элениз?
Биринчи кезекте дыйкандардын өрүккө жасаган мамилесин өзгөртүү керек. Бул боюнча талаа семинарлары уюштурулса жакшы болмок. Биз өрүктөн жаңы продукция чыгарып, же рецепт табып, чакан цехтерге муктаждык болгондо ачып, анан чоң завод куруубуз керек. Сөзсүз эле чоң завод курам деп кыялданып отура берген туура эмес.