Финпол Бабановду «Кыргызстан» банкына байланыштуу иш боюнча суракка алды

Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Клоопко» президенттикке мурдагы талапкер жана бизнесмен Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта суракка алынганын билдирди. Бабанов суракка күбө катары чакырылган.

24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, тергөөчүлөр Бабановду «Кыргызстан» банкынын ишине байланыштуу суракка алышууда.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын басма сөз кызматынан Бабановдун суракка алынып жаткандыгы тууралуу «Клоопко» аларда маалымат жок болгонун айтышты.

Мурдараак Бабанов «Кыргызстан» банкынын акцияларын рейдерлик жол менен басып алган делип айыпталган. Бирок Бабанов өзү бул маалыматтарды четке кагып, акцияларды мыйзамдуу жол менен сатып алганын билдирген.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 9-августта, тагыраагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликтин колуна түшүп берген күндүн эртеси кайтып келген. Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Шайлоодо ал бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон.

Президенттик жарышта утулгандан кийин УКМК Бабановго каршы эки кылмыш ишин козгогон.