Сот Жапаровдун абак мөөнөтүн кыскартуудан баш тартты

Kaktus Media басылмасы Чүй облустук соту 19-августта соттолгон Садыр Жапаровдун адвокаттары үчүн экс-депутаттын абак мөөнөтүн кыскартуудан баш тартып койгонун билдирди. Анын мөөнөтү мурдагыдай эле 10 жыл бойдон калды.

Жапаровдун адвокаты Шерабидин Токтосунов соттун чечимин «бир жактуу жана мыйзамсыз» деп атады. Анын айтымында, Жапаров күнөөлүү деп табылган беренелер жаңы Кылмыш-Жаза кодекстери боюнча өтө оор эмес кылмыш болуп саналат.

«Бардыгын мунапыс менен бошотуп жатышат, ал эми Садыр Жапаровго баш тартышууда. Биз эмне үчүн Садыр Жапаровго мунапыс колдонсо болоорун негиздеген далилдердин бардыгын көрсөттүк. Бул мыйзамсыз чечим болду. Жогорку сотко кайрылабыз», — деп билдирди ал «Азаттыкка».

Бишкектин Биринчи май раойндук соту 2017-жылы Садыр Жапаровду Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп күнөөлүү тапкан. Анда Каптагаев Жапаровго доо коюудан баш тартса да 11,5 жылга кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы апрелде Жапаровдун абак мөөнөтүн бир жыл алты айга чейин кыскартып, экс-депутатка карата чыгарылган өкүмдүн мөөнөтү 10 жылды түзүп калган.