Турсунбек Акун Атамбаевге каршы берген доосун чакыртып алганы турат

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Клоопко» кабарлагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы койгон 100 миң сомдук доосун чакыртып алганы турат.

«Арызды чакыртып алууну ойлонуп жатабыз. Ага каршы иш козголуп, камакка алынгандыктан Атамбаев менен соттоошуунун мааниси деле жок [...] Мен — укук коргоочумун да», — деди экс-акыйкатчы.

Бирок ал «Апрель» телеканалына койгон 500 миң сомдук доосун чакыртпасын кошумчалады. Анын айтымында, бул иш боюнча соттун экинчи отуруму 19-августта болуп өткөн.

Турсунбек Акун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди июлда сотко берген. Ал учурда Атамбаев Акун акыйкатчы болуп турган кезинде 100 миң доллар пара алып, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга жардам берген деп айткан болчу.

Ошондой эле Акун «Апрель» телеканалын да сотко берген. Ага телеканалдын кримтөбөлдү бошотуу үчүн экс-акыйкатчы Батукаевдин карындашынан 100 миң доллар алганы айтылган репортажы себеп болгон.

Сот Батукаевди 2013-жылы «кан лейкозу» диагнозунун негизинде абактан бошоткон. Ал учурда акыйкатчы болуп турган Акун аны бошотуу керектигин айтып чыккан. Кийинчерээк диагноз жасалма экени аныкталган. Бирок ал кезде кримтөбөл Кыргызстандан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Бул чырдын шартында Акун ээлеген кызматынан кеткен. Кийинчерээк врачтардын койгон диагнозуна таянганын билдирген.

Бийлик кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти 2019-жылдын башында кайра карай баштаган. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка мурда жогорку кызматтарды аркалаган бир катар аткаминерлер камакка алынган. Атамбаев бул иште коррупция боюнча айыпталууда. Акун жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов мурдагы президентке каршы көрсөтмө беришкен.