Кадыр Атамбаев апасы Раиса менен. Сүрөт: SPUTNIK Кыргызстан / Табылды Кадырбеков

Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катарына кошулууга ниети бар экенин билдирди. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири атасы Алмазбек Атамбаев болгон.

Атамбаевдин уулуна партияга кирүүгө КСДПнын учурдагы мүчөсү Темирлан Султанбеков жана «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников кепилдөөчү болгон.

Буга чейин Кадыр Атамбаев атасына убада бергени карабай саясат менен бараарын билдирген. Анын айтымында, ал убадасын атасынын кармалышына жана тергөөгө байланыштуу бузууга аргасыз.

Атамбаев бийликте болуп турганда КСДП өлкөдө эң таасирдүү партиялардын бири болгон. Мураскери Сооронбай Жээнбеков менен араздашуу орун алгандан кийин КСПД парламенттик фракциясы экиге бөлүнгөн — депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдогон.

Ушул эле шартта «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы түзүлүп, аны партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов башкарууда.