Жалал-Абаддын өрттөнгөн борбордук базары. Сүрөт: Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында 21-августка караган түнү саат 00:30дар чамасында өрт чыкты. Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 бөлүмү тартылып, өрт төрт саатан кийин өчүрүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн кесепетинен болжол менен базардагы 2500 чарчы метр аянтта жайгашкан соода күркөлөрү менен тиричилик буюмдары күйүп кеткен.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жана суу канал башкармалыгынын техникалары тартылган.

ӨКМ өрттүн келип чыгуу себептерин изилдөөдө.