Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт — Жээнбеков

Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өлкөдө коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын дагы бир жолу эскертип, «жакшы ийгиликтерге» элдин жардамы менен жетишүүгө болот деп билдирди.

«Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек», — деди ал.

Анын айтымында, 25 жыл ичинде коррупция Кыргызстанда «улуттук көйгөй» болуп калган.

«Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен», — деп айтты Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болгондон кийин коррупцияга каршы күрөш жарыялаган. Бул анын алдыга койгон иштериндеги негизги пунктардын бири болгон. Жээнбеков коррупционерлер менен келише албастыгын, ошондой эле үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестигин билдирген.

Коррупция менен күрөшүү кампаниянын жыйынтыгында мурдагы жогорку кызмакттагы аткаминерлер кармалышкан. Алардын көпчүлүгү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары. Мисалы, экс-премьер министр Сапар Исаков жана Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.

Атамбаев Жээнбековдун коррупция менен күрөшүн «аңчылык» деп атаган. Бирок президент өзү антикоррупция менен күрөштү жамынып саясий оппоненттерин жазалабай турганын билдирген.

Жээнбеков 2018-жылдын декабрындагы басма сөз жыйыны учурунда антикоррупциялык текшерүү дагы бир чоң мансаптуу аткаминер Райымбек Матраимовго тиешелүү болот деп убадалаган. 31-январда финпол анын мүлкүн текшере баштаган. Текшерүүнүн жыйынтыктары азыркыга чейин ачыктала элек.