Милиция Курсан Асановдун адвокатын алдамчылыкка шектеп кармады

Икрамидин Айткулов

Адвокат Икрамидин Айткулов 22-август күнү кечинде кармалды. Кармалганга чейин ал ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болгон.

Бишкек шаардык ИИББинен «Клоопко» билдиришкендей, Айткулов алдамчылыкка шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2018-жылдын сентябрында Айткулов алдамчылык жол менен 5,5 миң долларга ээлик кылып алган делген арыз келип түшкөн. Башкы прокуратура текшергенден кийин материалдар Бишкек шаардык ИИББнин Тергөө кызматына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле Бишкек шаардык ИИББнен кабарлашкандай, Айткуловдун уулуна карата да «алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милициянын маалыматына ылайык, 2019-жылы январда Башкы прокуратурага башка бир жаран кайрылып, Айткуловдун баласы андан 2014-жылы атасын дарылатууга 25 миң доллар карыз алганын билдирген. Кийинчерээк адвокаттын баласы бизнести өнүктүрүү үчүн дагы 6 миң доллар карыз алган.

Айткулов өзү уулу алган карызды кайтарып берээрин убадалаганы айтылууда. Бирок доогер карызды ага дагы деле кайтарып берише электигин билдирген.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Айткуловдун баласы 2015-жылы Биринчи май райондук соту тарабынан алдамчылык фактысы боюнча соттолгон», — деп билдиришти ИИББдин басма сөз кызмтынан.

Айткуловдун уулуна карата материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бирок Айткуловдун аялы күйөөсүнүн иши ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асанов менен байланыштуу болгонун билдирди.

«Сөз милициянын мурдагы кызматкери жөнүндө болууда, анын арызын Курсан Асановду саткын жана душман деп жарыялагандар өз максаттарында пайдаланышты. Кыскасы менттердин согушу», — деп жазган Раушан Айткулова.

Айткулованын айтымында, күйөөсүнө арыз жазган киши эл аралык издөөдө жүргөн жана ага карата сот кармоо өкүмүн чыгарган.

«[Күйөөм] ага кайтып келүүнү жана өз эрки менен укук коргоо органдарына барууну кеңеш кылган [...] [Кардар] эркиндикке чыккандан кийин кармалгандыгы үчүн таарынычтарын көрсөтүп, Айткулов аны көп ай бою коргогонуна карабастан, төлөгөн гонорарын кайтарууну талап кылган. [Айткулов] ушул убакыт бою анын жалгыз адвокаты болгон», — деп билдирди адвокаттын аялы.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду августтун ортосунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин эле эллеген кызматынан бошотушкан.

Министрликтен Асановдун кызматтан бошотулушун Атамбаевди кармоо учурунда «милициянын кызыкчылыгын сатып», «өзүн пиарлаган» деп негиздешкен. ИИМдин маалыматына ылайык, Асанов операция учурунда милдеттерин аткарбай, курал-жаракты алуу боюнча айрым процедураларды бузган.