Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Кең-Суу айылында соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулунун тажыясына даярданышууда. Тажыя 28-август күнү саат 11:00дө өтөт.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 27-августта Жапаровду уулунун тажыясына коё берди.

Дастан Садыр уулу Көк-Жар айылында 22-августка караган түнү жол кырсыгына учураган. «Ал мотоциклдын рулунда бара жатып [транспорт каражатын] башкара албай “Тойота” менен сүзүшкөн. [...] Кагышуудан Дастан ыргып кетип, “Лексус 330” унаасына урунган», — деп айтылат кайгуул милициянын катында.

Дарыгерлер анын өмүрү үчүн төрт күн күрөшкөн, бирок ал эсине келбей каза тапкан.

Сот 2017-жылы Жапаровду Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга байланыштуу иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Каптагаев ал учурда Жапаровго доо коюудан баш тартканына карабастан 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот анын ишин күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жазык кодексине байланыштуу кайра карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин кыскарткан.