Текебаевге депутаттык мандат кайтарылбайт — БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, экс-депутат Өмүрбек Текебаев толугу менен акталса да, парламенттин бул чакырылышына кайта албайт.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамда депутаттарга мандатты кайтаруу процедурасы каралбаганын «Клоопко» кабарлады. Сот Текебаевди күнөөлүү деп тапкандан кийин ал мандатынан ажыраган.

«Бирок ал Жогорку Кеңешке 2020-жылы шайланса болот. Ал шайланар-шайланбасы сот органдарынын чечиминен көз каранды болот», — деди Бекматов.

21-августта Жогорку сот Текебаевдин айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, анын ишин кайра кароо үчүн райондук сотко кайтарган.

Текебаевдин өкүмү жокко чыгарылганына карабастан, ал дагы эле абакта отурат. Анын адвокаты Талайгүл Токтакунова билдиргендей, Текебаевдин жаза өтөө чарасы боюнча отурум 29-августта өтөт.

«Биз аны эч жакка кетпөө боюнча кол каттын негизинде бошотууну суранып жатабыз. Бул үчүн мыйзамдуу негиздер бар, ал жаза мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөп койгон. Анын үстүнө ал эч качан качып кетпей, дайыма сотко келип, кармалгандан тарта күнөөлүү эместиги тууралуу айтып келген», — деди ал.

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп күнөөлүү табышкан. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ортомчу болгон ыктымал. Анын ордуна Текебаев ишкерге «Мегаком» улуттук операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берээрин убадалаганы айтылган.

Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ортомчу болгон ыктымал. Натыйжада экөө тең мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий жүйөөлүү» деп аташкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Текебаевдин юристтери менен тарапкерлери бир нече жолу анын ишин кайра карап чыгуу суранычы менен Башкы прокуратура менен Жогорку сотко кайрылышкан. Бирок бул жыйынтык берген эмес. 2019-жылы майда Жогорку сот Текебаевдин мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечимди жокко чыгарган.