Сүрөт: «Турмуш»

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Кең-Суу айылында соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровдун тун баласы Дастан Садыр уулунун тажыясы өтүүдө.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 27-августта Жапаровду уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына коё берген.

Дастан Садыр уулу Көк-Жар айылында 22-августка караган түнү жол кырсыгына учураган. «Ал мотоциклдын рулунда бара жатып [транспорт каражатын] башкара албай “Тойота” менен сүзүшкөн. [...] Кагышуудан Дастан ыргып кетип, “Лексус 330” унаасына урунган», — деп айтылат кайгуул милициясынын билдирүүсүндө.

Дарыгерлер анын өмүрү үчүн төрт күн күрөшүшкөн, бирок ал эсине келбей каза тапкан.

Сот 2017-жылы Жапаровду Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга байланыштуу иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Каптагаев ал учурда Жапаровго доо коюудан баш тартканына карабастан 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот анын ишин күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жазык кодексине байланыштуу кайра карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин кыскарткан.