Сүрөт: «АКИпресс»

Контекст: Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-августта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди абактан үй камагына чыгарды.

Буга чейин Жогорку сот мурдагы айып өкүмдөрүн жокко чыгарып, Текебаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн. Бул президент Сооронбай Жээнбеков менен өлкөнүн мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы араздашуунун шартында болду.

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп табышкан. Саясатчы мүлкүн конфискациялоо менен 8-жылга кесилген, бирок мунапыска байланыштуу Текебаевдин абак мөөнөтү 4,5 жылга кыскартылган. Текебаев ошол учурда президент болуп турган Атамбаевдин сынга алуунун шартында күнөөлүү деп табылган.

«Клооп» экс-депутаттын абактан бошоп чыккандан кийин айткандарын баяндап берет.

Депутаттык мандатты кайтарбайм, бирок саясатта калам. Депутаттык мандат азыр менин планымда жок. Азыр менде юридикалык жана саясий реабилитация болуу негизги максатым. Бардыгы сот чечиминен көз каранды, эгер мени акташса, анда мандат боюнча кеңешип көрөм. Сот кандай чечим чыгарбасын, партиялык ишимди жүргүзөм. Абакта отурсам да партия иштеп атты.

Өч алуу болбошу, Атамбаев жана анын айланасындагылар мыйзам бузган болсо, Кыргызстандын кызыкчылыгына зыян келтирген болсо, анда алар мыйзам, тарых алдында жооп бериши керек. Биздин сот проццесси биздин коргонуу концепциябызга ылайык, бул өзүбүздү-өзүбүз актоо гана эмес, муруңку бийликтин өзүм билемдигин, мыйзамсыз аракеттерин, жүзүн ачуу болот деп пландаштырдым. Бирок бул өч алуу [Атамбаевден] болбошу керек.

Балким Атамбаевге капа болуп, ага жамандык тилегенге менде негиз бар. Бирок ал саясий туткун деген статус алышын каалабайт элем. Анын кылмышын тергөө органдары так далилдеши керек, сот эл алдында айкын чечим кабыл алыш керек деп ойлойм.

Өзүмдүн ишим үчүн эч кимди куугунтукка албайм, бирок буйрук бергендер жооп бериши керек. Сот мени актаган жок, иш кайра каралууга жөнөдү. Ошондуктан кийинки аракетибиз сот процессине бурулат. Соттун биринчи жыйыны 12-сентябрга дайындалды. Бүгүн жаңы күбөлөр пайда болду. Атамбаев кеткенден кийин, мурда көрсөтмө берүүдөн корккон мамкызматкерлер ачык көрсөтмө бере башташты. Жаңы күбөлөрдү, жаңы документтерди даярдап, сот проццесине даярданабыз. Я всех простил и не собираюсь подвергать гонениям. Но те, кто давал приказы, должны быть наказаны.

Жээнбеков менен Атамбаевдин жаңжалы тарыхый мааниге ээ. Көп адамдар бул жаңжалды — бийлик талашыш үчүн жеке күрөш жаңжалы деп айтып жатышат. Балким кандайдыр бир мааниде ошондой көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында, бул жаңжал мурдагы бийликтин жүзүп ачып, келе турган кийинки бийликке кандай жасаса болбой тургандыгын көргөзүп жатат. Эгер президенттер мыйзам бузган болсо, эртели кечпи жооп берет деген түшүнүктү биз бүткүл Орто Азияга жайылтып жатабыз. Бүгүнкү болуп жаткан окуянын тарыхый мааниси мына ушунда.

Жээнбеков тарыхты өзгөртүп жатат. Үч жыл мурун Атамбаев мени камайт, анан мен ушинтип чыгам деп элестеткен эмесмин. Бирок баары алмашты, коомго сабак боло турган чоң окуялар болуп жатат. Мен ойлойм, Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга берген эң чоң жыйынтыгы — ушул саясий прецедентти түзүү. Эски стереотиптер сынаарда ушундай окуялар болот. Жээнбеков ушул кырдаалга өмүр бою даярданды беле? Биз мурды мындай саясатчыны билбептирбиз, анан эле азыр кантип президент болуп калды?! Карапайым адамдар, саясий талдоочулар сезе бербеген тарыхый өнүгүүлөр болот. Ушул иштин Жээнбеков жасады. Бул тарыхый чындык. Балким бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, балким бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн, ага каршы күрөшүшү мүмкүн — алардын укугу, бирок тарыхты токтотуш мүмкүн эмес.