Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Азиз Суракматов Бишкек мэринин кызматына киришкенине бир жылдан ашып калды. Kaktus Media басылмасы мэрдин бул кызматтагы бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча курган маегин жарыялады. «Клооп» Суракматовдун маегинде айтылган эң кызыктуу учурларды кыскача баяндап берет.

Баарынан да мамлекетибиз жарды экенине кабатыр боло берем. Көп нерсени кылгың келет, бирок акча жок. Конуштарда инфраструктураны өнүктүрүүгө мэриянын каражаты жетпей жатат.

Муниципалитеттин күчү менен шаардын үстүндөгү кара түтүн маселесин чечүү мүмкүн эмес, бирок шаар көмүрдөн баш тартып, электр кубаты менен жылытууга өтүшү керек. Көбүнесе абаны жеке сектор булгайт — кимдир бирөө дөңгөлөктөрдү, таштандыларды, чүпүрөк-чапырактарды жагат, бирок көбүнчө көмүр жагылат. Адамдар баары бир деле үйлөрүн көмүр менен жылытышат, анткени бул арзаныраак. Өкмөт жылытуу сезонунда жеке сектордогулар үчүн тарифтерди азайтууга макул болбойт. Учурда жаңы таштанды полигону курулуп жатат. Ошондой эле таштандыны кайра иштеткен заводду куруу үчүн тендердин биринчи этабын өткөрдүк, анын курулушу тендердин экинчи этабынан кийин башталат.

Сентябрда коомдук транспортто электрондук билеттөө боюнча тесттик долбоор башталат, ал эми жыл аягына чейин валидаторлор автобустардын бардыгына коюлат. Азыр бизде 220сы бар, бирок шаарга дагы 600 автобус керек. Киреше алып келиши үчүн шаардын транспорттук системасын алмаштырыш керек. Шарттуу айтканда: бир автобус дагы бир башка жаңы автобус сатып алгыдай болушу керек. Биз автобустардын үч түрүн сатып алууну пландап жатабыз: 18 метрлик, 12 метрлик жана 9,5 метрлик. Эң кичинекейлери конуштарга жөнөтүлөт.

Ошондой эле жаңы автобустар менен майып адамдар да пайдалана алышат. Келечекте, тендер өткөрүүдө автобустарды сатып алууда пандустардын бар болушу милдеттүү талап болмокчу. Ошондой эле мэрия унаа токтотуу үчүн сааттык төлөөнү киргизүү тууралуу токтомду иштеп чыккан, шаардын борборун колго алууга аракет кылабыз. Кышында жолдор булганбашы үчүн кум эмес, туз төгүүгө аракет кылабыз.