Economist.kg басылмасынын журналисттери 2-сентябрда парламенттин депутаты Евгения Строкова ээлик кылган «Новое время» («Жаңы учур») фондунун ишмердиги тууралуу иликтөөнү жарыялаган.

Economist.kgнин маалыматына ылайык, 2015-жылы Строкова Орусиянын жараны Евгений Иванов менен биргеликте фонд түзгөн. Документтер боюнча орусиялык жаран фонддун жетекчиси саналат. Фонд ошол эле жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында ачылган.

Журналисттер коомдук уюмдун ишмердиги «экономикалык, социалдык жана жамааттык өнүктүрүү» жаатында болгонун айтышууда. Бирок кандай долбоорлор ишке ашырылганы белгисиз.

«Ачык маалымат булактарында “Новое время” деген аталыштагы фонддун ишмердиги тууралуу эч нерсе белгисиз. Бир да издөө сурамы жыйынтык берген жок — Гугл менен Яндекс үчүн мындай уюм жөн гана жок», — деп атылат иликтөөдө.

Анткени менен журналисттер эки ири маалыматтар базасынын жардамы аркылуу фондго төрт жыл ичинде түшүшү мүмкүн болгон каражаттары 2 млн долларга чукул сумманы түзөөрүн аныкташкан. Иликтөөнүн авторлору Орусиянын эң ири SPARK маалымат базасы менен жеке компаниялар тууралуу дүйнөдөгү эң чоң Dun & Bradstreet реестрге таянып, ушундай санга келишкен.

«Жүгүртүмдү мындайча баалоо кыйыр мүнөздөмөлөр менен жасалат — долбоорлорго катышуу, донордук кредиттер жана гранттар, ошондой эле болжолдуу компаниянын кызматкерлеринин саны да бааланат. SPARKтагы маалыматтарга ылайык, “Новое время” фондунда беш адам иштейт. Мында эсеп жана баалоо да салык декларацияларынын же акционерлер же негиздөөчүлөр үчүн жарыялардын негизинде жүргүзүлөт», — деп айтылат иликтөөдө.

Мындан тышкары, журналисттер фонд иштеп баштагандан бери бюджетке болгону 200 сом которгонун билдиришүүдө — 2016-жылы январда жана 2017-жылы февралда. Төлөмдүн экөөсү тең таштанды чыгаруу үчүн которулган. Иликтөөнүн авторлору Строкованы салык декларациясына фонд жөнүндө маалыматтарды киргизбей койгон деп айыпташууда.

Строкова: Бул буйрутма макала

Евгения Строкова иликтөөнүн «буйрутма» деп атап, анын артында «онкологиялык фонддор» турушу мүмкүн деп билдирди.

«Менин фондума илип жатышкан суммалар да ошол жактан алынган болушу мүмкүн. Ал жакта ушундай каражаттар жүгүртүлүп жатканы толук мүмкүн [...] Азыр фондум иштебегинин көрсөтүш үчүн документтердин бардыгын даярдап жатам. Мени дискредитациялагысы келип жаткан адамдар менен дос эмесмин жана алардын бири — Таалайгүл Сабырбекова менен соттошуп жатам. Ал мени сотко берген, ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген экенмин имиш», — деп билдирди Строкова 24.kgге.

Анын айтымында, фонд ал парламентке депутат болуп келгенге чейин эле ачылган.

«Билим берүү борборунун директору болуп иштеп тургам жана квалификацияны жогорулатуу маселесин көрүп билгем. Мугалимдерди, директорлорду, балдарды [Орусияга] жөнөтүш үчүн материалдык мүмкүнчүлүктөр аз эле», — деди Строкова.

Анын айтымында, фон иштеген төрт жыл ичинде бир да долбоор жүзөөгө ашырылган эмес.

«Ал башталбай туруп эле өчүп калды [...] Бул фонд аркылуу бир да долбоор ишке ашпады, анткени Евгений экөөбүз эки башка жолго түшүп, директордун анда бул ишти алып барууга убактысы болгон жок», — деп билдирди Строкова.

Депутат фонд жабылышы мүмкүндүгүн же болбосо башка бирөөнүн башкаруусуна берилээрин же парламенттеги ишинин мөөнөтү аяктаганда ал өзү жетектээрин кошумчалады.

«Билким кимдир бирөөнүн жинине тийип алганмын, ошондуктан алар бул нерседен колдонуп, мени контрагент кыла койгон ушундай окуяны ойлоп табышса керек. Эсебимде болжолдуу 2 млн экен. Бирок “болжолдуу” деген сөздү эч ким көрбөй, 2 млн дегенди гана көрүшкөн. Бирок эгер бул миллиондор болгон болсо деле бул фонддун миллиондору, меники же Евгенийдики эмес», — деди депутат.