Сүрөт: Диля Юсупова / Kaktus Media

Жогорку Кеңештеги оңдолгон ажатканалардын сүрөттөрү Kaktus Media басылмасынын сайтында жарыяланган.

Журналист Диля Юсупованын айтымында, усталар Жогорку Кеңештин ажатканасында унитаз, раковина, кафель жана эшиктер алмаштырышкан. «Кабиналарды да алмаштырышкан, ичтеринде сумка илгенге деп илгичтер пайда болуптур, даарат кагазын кармагычты да жаңылашыптыр», — деп билдирди ал.

Парламент имаратынын беш кабатындагы туалеттердин ремонтуна бюджеттен 2,2 млн сом кеткен. Башында оңдоп-түзөө иштерине 2,7 млн сом каралган эле.