Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-сентябрда каза тапкан «Альфанын» аскери Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» орденин тапшырды. Медаль алууга маркумдун апасы, аялы жана бир тууганы келген.

Жээнбеков маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун айтты.

Үсөнбек Ниязбеков УКМКнын спецназы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алууга жасаган биринчи аракетинин учурунда каза тапкан. Ал учурда атайын кызмат Ниязбековду снайпер куралынан атышканын билдирген.

Спецназчынын өлүмүнө шектүү 14-августта кармалган. Акыйкатчы Токон Мамытов 4-сентябрда шектүү күнөөлү эместигин айтканын кабарлаган.