Ката менен бастырылган кыргыз тил сабагы боюнча окуу китебинин мукабасы. Сүрөт: Камила Баймуратова

5-6-класстардын окуучулары ката китептер боюнча окуп жатышат. Бирок билим берүү министрлиги бул маселени 2018-жылы китептерде кетирилген каталарга байланыштуу бир нече чуудан кийин эле чечиши керек эле. Ведомство эмне үчүн китептерде каталар калып калган деген суроого жооп бере алган жок.

Как так? Ошибки в учебниках исправили вкладышами, которые вклеили в корешок. О какой грамотности и качественном обучении...

Posted by Nurdin Akchomoev on Tuesday, September 3, 2019

Фейсбуктун колдонуучусу Нурдин Акчомоев жаңы окуу китептеринин сапатына өз барагында нааразычылык билдирген. Ал 5-6-класстардын окуу китептеринде ката тапканын жазган.

Нурдин окуу жылы башталганча эле балдарга катасы бар китептерди таркатып беришкенин, ал эми 1-сентябрда аларды кайра кайтарып берүүнү суранышканын «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, китептерди эртеси кайтарып беришкен менен каталар калган, бирок эң акыркы форзацында китептин кай жагында ката кетирилгени белгиленген эскертмелер пайда болгон.

Нурдиндин айтымында, оңдоолор абдан майда бастырылгандыктан, «лупасыз эч нерсе түшүнүү мүмкүн эмес».

«Адам жана коом» сабагы боюнча окуу китептеги баттама.

«Клооптун» журналисти Акчомоев катасы бар деп арызданып жаткан китепти тапты — бул 2019-жылга деп басылып чыгарылган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча китеп экен. Бирок китепте ката бар деген кандайдыр бир кыстырма же чаптама кагазы жок болуп чыкты.

2019-жылы басылган китептеги ката.
«Жетекчиси» деген сөздүн ордуна «жеткечиси» деп басылган.

Акчомоевдин коомдук тармактагы маалыматына ылайык, ошол эле каталар 2018-жылы басылып чыккан китепте да болгон.

Министри жок ведомство

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан эмне үчүн мурдагы эле каталар 2019-жылга карата жаңы китептерде да пайда болуп калгандыгы тууралуу суроого жооп бере алышкан жок.

«Азыркы учурда бизде ведомствонун жетекчиси да, анын милдетин аткаруучу да жок [...] Мен жада калса бул жоопту эч ким менен макулдаша албайм», — деп айтышты ведомстводон.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда окуу китептериндеги каталарга жана Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден куралган мектепке байланыштуу бир катар жаңжалдардын шартында кызматынан бошотулган.

Басма сөз кызматтан Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгына кайрылууну кеңеш кылышты, бирок анын башчысы Марат Үсөналиев маселени китеп басып чыгаруу бөлүмүнө оодарды — бөлүм өз кезегинде кайра басма сөз кызматка сурам жөнөттү.

Катасы бар окуу китептери

Билим берүү министрлиги китептерде кетирилген каталарга байланыштуу биринчи жыл эле сынга алынып жаткан жок. 2018-жылы октябрда журналисттер 5-класстын окуучулары үчүн география боюнча китепте миңден ашуун каталарды табышкан.

Ошондо билим берүү министрлигинен окуу китептердеги каталар «Билим-компьютер» басмаканасынын айынан пайда болгон деп кабарлашып, аларды сотко беришээрин билдиришкен. Бирок, кийинчерээк 2017-жылдын ноябрына чейин басып чыгарылып аткан китептердин мазмунун ведомство таптакыр текшербегени белгилүү болгон, болбосо ага жыл сайын ондогон миллиондогон сомдорду сарпташкан.

2017-жылы ноябрда билим берүү министрлиги өзүнүн техникалык комиссиясын техникалык-эксперттик комиссияга өзгөртүп, анын артына мамтил бөлүмү менен Илимдер академиясынан эки кызматкерди бекитип берген. Бирок бул жаңы китептердеги каталарга жол бербөөдөн сактап калбаганы байкалып турат.

Ушунун айынан билим берүү министрлиги менен анын учурда экс-министри делип калган Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине бир нече жолу даттануулар келип түшкөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев августтун аягында парламенттин отурумунда билим берүү министрлиги окуу китептериндеги каталар маселесин «катуу көзөмөлгө алышы» керек деп билдирген.

Бул буйруктан кийин бир нече күн өткөн соң Кудайбердиева билим берүү министри кызматынан бошотулган.