Ширин Айтматова. Видеодон алынган скриншот.

Парламенттин экс-депутаты жана жарандык активист Ширин Айтматова Elgezit.kg басылмасына интервью берди. Маекте ал өзүнүн «Үмүт-2020» кыймылынын максаты, Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы антикоррупциялык күрөш, андан тышкары, Кыргызстандын саясатында эмнени өзгөртүү керектиги тууралуу айтып берген. «Клооп» маекти баяндап берет.

Коррупция жана учурдагы бийлик жөнүндө

Эгер адам 15 жыл аткаминер болуп иштеп, эки хансарайы, жолтандабасы болсо, ал эми балдары жеке мектепке барса, анан жакындары мунун баарын ак эмгек менен тапканын далилдей албаса, анда ал коррупционер жана ушул ысым менен аталашы керек. Ал тойлорго чакырылып, эң сыйлуу жерге отурбашы керек. Жада калса биз үмүттөнгөн жаш депутаттар баалуулуктары алмашып кеткенин көрбөй жатышат. Алар амалкөй жана акылдуу саясатчы эмес, саткын болуп калышканын түшүнбөй калышты, бул чоң айырма. Мен мындай депутаттарды колдобойм. Биз баалуулуктардын алмашылышын токтотушубуз керек. Биз жемкорлуктун эсебинен жакшы жашагандар өлкөнү жетектегенди улантышы керек деп эсептебешибиз керек. Адамдар таланып-тонолгондон тажады. Мындай каршылык базаны элден көптөн бери сезе элекмин. Эгер 2010-жылы элдин үмүтү болуп, мен сыяктуу ишенчээк, Жоомарт Сапарбаев жана Дастан Бекешевдей депутаттар келген болсо, азыр жөл көрсөткөн лидерлер жок. Солтон-Сары же Кой-Ташта болгон сыяктуу окуялар жүз берсе бардыгы үндөбөй калышат, жоксон алып кетишет — депутаттарың да, өкмөтүң да жок. Алардын бардыгына бийлик менен дос болуу пайладуу, ошондуктан биз эки чакырылыш бою оппозицияны жоготуп алдык. Парламентибиз конституцияга каршы тартипте иштеп жатат, анткени аялдар квотасы сакталбайт. Жогорку Кеңеш аялдардын укугуна түкүрүп салып иштеп жатат. Бизди талап-тоногон, ал эми аткаминерлери реалдуу жашоодон таптакыр четтеп кетип бийлеген өлкөдө жашагыбыз келеби же жокпу? Же болбосо биз чындыкты айткан жаңы адамдар келиши үчүн өзгөрүүлөрдү алып келебизби?

«Үмүт-2020» жөнүндө

«Үмүт-2020» кыймылы — таза шайлоо үчүн. Айылдардан качан келесиңер деп сурап жатышат. Эл паспортторун жиберип, биздин кыймылга кошулгулары келүүдө. Менин артымда эч ким турбайт, бирок, келечекте артымда эл болот деп үмүттөнөм.

Келе жаткан шайлоо өлкө үчүн чечүүчү жана бурулуш жасоочу шайлоо болот деп ойлойм, анын таза өтүшү үчүн күрөшүшүбүз керек. Партиялык тизмелердин сапаттуулугуна таасир этиш үчүн ар бир талапкерге маалымат чогултууга аракет кылабыз. Бардыгын чыпка аркылуу өткөрөбүз, эгер жемелөөлөр болсо, анда партиялар ушундай талапкерлерди алмаштырышы үчүн коомчулукту көтөрүп, аларга басым жасайбыз. Кандай өлкөдө жашагың келет деп бизден эч ким сурабайт, парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында өз ойлорун таңуулашат. Жылкы менен келип, аларды союп, ошол менен тойгузушат бизди.

Кыймылдын экинчи фазасы — бул добуш бере турган же шайлоого биринчи жолу бара тургандарга тиешелүү болгон массалык маалыматтык акциялар. Эл эмне кылып жатканы боюнча кабардар болушу үчүн шайлоодо добуш сатып алуулар болбошу канчалык маанилүү экенин айтып беребиз. Добуш сатып алууну караштырган партиялар ар бир добуш үчүн беш миң сомдон камдашаарын баары эле билишет. Бизде мамлекетти элге кайтаруу, укуктарыбызды жана демократиянын акыркы калдыктарын коргоого мүмкүнчүлүк жана үмүт бар.

Катарыбызда мен сыймыктана турган көптөгөн акылдуу, жаш жана активдүү адамдар бар. Бийлик бул кыймылды чагымчыл катары баалашы мүмкүн, ошондуктан мен тарапташтарымды тобокелге алып баргым келбейт. Бизге бийликтин люстрация болушу зарыл, мен коомдук люстрация кыймылын түзүүгө аракет кылам.

Бейтарап каралган маалымат аркылуу бизде иштеп жаткан ар бир аткаминердин актыгын баалоонун стандартташтыруусу болот. Алар кызматта иштеп тапкан акчаларын ак мээнет менен тапканы же таппаганы каралат.

Матраимовдорго конокко барган аткаминерлер жөнүндө

Бул чын же калп экенин билбейм, бирок баары тең Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн шайлоого катышуусу боюнча кабатырланышууда. Эки же үч партия түзүлөөрүнө, ар бир партияда алардын өкүлдөрү болооруна кабатыр. Алар азыр эле парламентти сатып алышкан, а биз алар бүт саясатты менчиктештирип алганына макул болобузбу? Мен буга макул эмесмин, мен бул процесстерге каршы күрөшүүгө даярмын.

Парламент менен өкмөт мүчөлөрү атасынын урматына уюштурган Матраимовдордун турнирде.

Матраимовдордун чогулушуна баргандардын бирөөсүн да колдомок эмесмин. Матраимовдорго байланыштуу кырдаал боюнча парламентте үн катпагандардын бирөөсүн да колдомок эмесмин. Элвира Сурабалдиева менен Дастан Бекешев гана ага каршылыгын көрсөткөн — бул 120 депутаттын экөөсү, калган 118 депутатты колдобойм.

Башымда креативдүү ойлор көп, көп акцияларды пландагам. Шайлоолордун тазалыгын коргоо үчүн келечекте визуалдык символдор менен иштегим келет. Мен парламенттен кеткенден кийин үй-бүлөм бизнеске үмүт артып, тыйын-тыпырдан өйдө ошого салган, керек болсо досторубуздун акчалары да кеткен. Бул бизнес бажы кызматы менен аффилирленген адамдар тарабынан рейдерликке алынып кеткен. Балдарым, күйөөм жана мен үчүн бул эң жаман күндөр болгон. Бул мени өзгөрттү, анткени мен Айтматовдун кызы жана депутат катары камылгасыз жашоо менен жашачумун. Бул адамдын тагдырын кантип бузуп коюшаарын көрсөттү. Бай адам болуп туруп эле бир маалда сүт менен нандын ортосунда тандап кала турган учурга бирөө жарымдын туш болушун каалабайм.

Парламенттеги иши жөнүндө

Парламенттик шайлоого барбайм, бирок саясий процесстерге таасир этким келет. Беш жыл парламентте болдум, бирок сен жагыз болсоң, сени эч ким колдобосо, мыйзамдарыңды өткөрүшпөсө, анда бул пайдасыз эле убакытты өткөрүү да.

Бирок жаңы үрөн себиш үчүн эски бактардын чирип кеткен тамырларын жулууга күчүм жетет деп үмүттөнөм. Ошондуктан «Үмүт-2020» кыймылы биз колдоого татыктуу деп эсептеген депутаттыкка талапкерлерди чагылдырат. Бул бир гана жамандоо болбойт. Жаңы формация — бул башка Кыргызстанда жашагысы келген адамдар. Мен жаңы Кыргызстан — бул тазаланган өлкө болот деп ойлойм. Мен коррупцияны 150% жоё алабыз деп ишенбейм, бирок [балким] ал азайып калат, саясий маданият башка болот. Адамдар добуш сатып алууга каршы, адилеттүүлүктү каалап калгыдай болот. Адамдар жакшыга татыктуубуз деп ойлонуп, ошонун үстүндө иштеп калгыдай.

Бул Лондондо окуган алтын жаштар эмес. Өтө жөнөкөй адамдар бар: абдан билимдүү, абдан аракетчил, чынчыл. Алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө эскилер кетип, жаңылар келген бурулуш процесстер болуп атканын көрүп турушат. Мына ошентип биз да ошого келдик.

Балдарыбызга кандай өлкөнү калтырабыз деп дайыма ойлоном. Эгер бардыгы ушул бойдон эле калса, анда бардыгы кейиштүү болот. Азыр баардыгынан кол жууп калганбыз: добуштан, укуктан жана келечектен. Эгер ушул бойдон улана берсе, анда олигархтар менен кландуулук гана калат. Качанкыга чейин ушундай болот? Атүгүл, алардын бардыгы бири-бирине тууган болуп турса, ким кимдин тууганы экенин билүү деле кызыксыз болуп калды. Жада калса уюшкан кылмыштуу топтор да шайлоого катышат деген өбөлгө бар.

Атамбаев жөнүндө

Баарынан да мени Атамбаевдин өзгөргөнү таң калтырды. Көп жылдар бою биз аны көрчү эмеспиз: Дача-СУ же дагы башка бир нерсе. Ал ошондо жок болчу. А бул жерден биз элге чыгып, сүрөткө түшүп жаткан жапжаңы Атамбаевди көрдүк. Эгер ал кааласа, өзүн колдоочуларынын жанында жакшы алып жүрөөрүн көрдүк. Ал жакта вальс да бийлешти, кой да союшту. Баары жакшынакай болгон. Бул деген биз көрүп жүргөндөн такыр бөлөк Атамбаев болгон да. Бирок боорум ооруду жана корктум. Боорум ооруганы ушул жагдайда орунсуз. Жалпысынан, анын камалышы — бул Пирровдун жеңиши. Бул өлкөнүн биримдигин абдан катуу бузду. Кокустан регионалдык жаңырыктар пайда болуп, баары тең өкмөттө канча аткаминер түштүктөн, канчасы түндүктөн деп санап башташты. Эл муну жутуп койду, бирок оор эле тийди. Ушунчалык визуалдуу башаламан болбой турган кандайдыр-бир ыкмалар дайыма бар. Бишкек эки күн коркунучтуу кырдаалда болгон. Өлкө үчүн бул уулуу.

Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE / RL

Бизнесимди тартып алайын дешкенде ага кайрылган эмесмин. Аны менен бир эле жолу жолуккам, ошондо катуу урушуп кеткенбиз. Бул 2012-жылы болгон. Ошондон бери аны менен жүз көрүшө элекмин. Биз балдар үйү боюнча урушуп кеткенбиз, анткени үстүмөн Иса Өмүркуловго даттанып кайрылышкан. Мен Атамбаевге барып, Өмүркулов балдар үйүн таарынтып жатат деп айткам. Ал болсо Өмүркулов эң сонун мэр, сонун адам жана мыкты тарапкер деп айткан. Менимче, Иса Өмүркулов аны сатып кеткенден кийин Атамбаев ал үчүн мени менен урушканын эстесе керек.

Байланыштары жана оппозиция жөнүндө

Акаев менен эч кандай байланышым жок. Атам менен Акаевдин персонасына байланыштуу дал өзүм талашып-тартышып жүргөнүмдү бардыгы билишет. Учурда иштеп жаткан бир да саясатчы менен байланышым жок, жашоодо бардыгына каршымын. Коррупцияга каршы жана парламенттик тазалоого [үндөгөн] кампаниямды — оппозициялык деп эсептебейм. Чындыгында өзүмдү бийликтин жардамчысымын деп эсептейм. Эгер кимдир бирөө мени уурулар менен күрөшүүгө чакырганым үчүн жазалагысы келсе, анда абдан күлкүмүштүү болот.

Депутаттар жана мыйзамдар жөнүндө

Алар өз иштеринин профессоналдары болушун каалайт элем. Мисалы, партиялык тизмелерди түзүүдө базарларды жетектеген же компаниялардын башчысы болгон адамдар кирбегидей. Ал жакта бул секторду өнүктүрүүгө салымын кошууга даяр адамдар болгудай. [Парламенттин] кийинки чакырылышында биринчи жасай турган иш — бул мыйзам чыгарууга мораторий киргизүү. Алар мыйзам жазганы менен жашообуз эч кандай өзгөргөн жок. Мораторий талдоо үчүн, иштебеген мыйзамдарды алып салыш үчүн керек, ал жакта санкциялык бөлүгү жок толгон-токой мыйзам бар.

Парламенттин президент катышкан отуруму. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Мисалы, мөңгүлөрдү иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам. Эгер аларды иштетсең эмне болот? Нөл. Бышпаган мыйзамдарыбыз көп. Жада калса конституцияда элди алдайбыз. Өлкөдө адам эмнеге үмүт арта ала тургандыгы боюнча айдан-ачык чынчыл болушубуз керек. Эгер мыйзамдарды Манас Арабаевдин (ред. — Атамбаевдин тушунда сот реформасы үчүн жооптуу) телефондук чалуусу менен өзгөртүп коюуга болсо, анда алардын бизге кереги жок же болбосо аларды өзгөртүш керек. Эгер ар бир депутат мыйзам чыгаруу секторун алып, аны талдап чыкса, анда жарым жылдан кийин керектүү эместердин жана эскиргендин бардыгынан арыла алабыз. Ошол баскычтарды басышты, ошол мыйзамды кабыл алышты… Эми алар кабыл алган мыйзамдардын кайсы бири жашооңузду өзгөрттү? Меникин — өзгөрткөн жок.

Кланчылыкка каршы күрөшүү жөнүндө

Түзүк, адекваттуу саясатчыны баары колдошот. Азыр ушунун баары бардыгын тажатты. Бирок башка саясатчылар үчүн региондон чыккандар гана добуш беришкенде бул эмнени билдирээрин түшүнөсүң: ал баарынын кызыкчылыгын камтыбайт. Эл абдан нааразы жана бул нааразычылык системаны өзгөртүүнүн рычагы болушу керек.

Алдыдагы саясий партиялар менен иштешүүсү жөнүндө

Бул аракеттер өлкөнү талап-тоногон адамды [партиянын тизмесинен] түшүрүүгө багытталат, анын ордуна жакшы жана чынчыл адам келиши үчүн жасалат. Шаардык кеңештин шайлоосунда жакшы программаларга ээ болгон сонун жаш партиялар бар эле. Аларды эч ким уккан жок. Анткени, жаңы программа менен чыгыш үчүн талааны тазалап чыгыш керек. А [кызматтагы депутаттар] орундарын жөн эле берип койбойт, бул аларды багуучу жер. Ошондуктан алардан жылып коюуну сураш керек.

Президентикк дымагы жөнүндө

Бул жөнүндө ойлонуу эрте. Бирок мен 42 жаштамын, эки баланын апасымын, ошентсе да сезимимде — эшиктеги бейбашмын. Балким, бул жөнүндө ойлонуш үчүн алгач ички менталдык процесстерден өтүү керектир. Бирок мен жакшы президентти каалайм. Ошол президентти туугандары бузуп салышпагандай, эгер эбак бузуп коюшпаган болсо эле. Бирок парламентке бардыгы менен дос болуу пайдалуу. Бул кыргыз саясатын мүнөздөйт: алар урушуп-талашып, андан кийин саунага барып бизнес келишимдери, ким-кайсы тендерди утаарын сүйлөшүп ала алышат. А мен парламентте оппозиция болушун каалайт элем. Ошондо анан президенттерибиз ажыдаарга айланбас болот эле. Бардыгы тең үндөбөй отуруп алып, президент кандай жакшы экенин айтышат. Андан кийин добуштарын берип салышат… Атамбаев туш болгон нерсе — оппозициянын жоктугу эмнеге алып келээринин мыкты мисалы. Текебаевди камап салышты, ошондуктан оппозиция эки лидердин саясий араздашуусу боюнча болушу керек эмес, бирок ал системдүү болушу керек деп ойлойм.

Айтматов жөнүндө

Менимче, бизде бир Айтматовдун ордуна жүз Айтматов болушу үчүн шарт түзүш керек. Жетим балдар дүйнөнүн эң мыкты ЖОЖдоруна билим алууга бара алышы үчүн, аларды колдоо программалары бар болушу үчүн анын атындагы стипендия бар эле. Кыргызстандын калкынын социалдык аялуу катмарларында көтөрүлө алышы үчүн эч кандай келечек жок. Биздин трагедия — балдарын аргасыздан калтырып кеткен мигранттардын көптүгүндө. Алардын балдары көп көңүл бурууга татыктуу, анткени ата-энелери оор жумушта иштешет. Кыргызстанда инвестиция жок, баары начардан-начар болуп баратат, бизди бир гана ошолор сакташууда.

Авторлошу: Рустам Халимов