OCA MAGAZINE басылмасы Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун жарыялады. «Открытая Центральная Азия» («Ачык Борбор Азия») журналы бул интервьюну Атамбаев кармалганга чейин бир нече саат мурун алган. Анда оппозициялык лидер өзүнүн президент кезиндеги жетишкендиктери жана кетирген каталары тууралуу айтып берген. «Клооп» анын маегин баяндап берет.

Жээнбеков — жаңылыштык

Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду өзүнүн мураскери кылаардан мурун сын көз менен жетиштүү изилдебегенин айтты.

«Ушул катанын натыйжасында өлкөнүн өнүгүүсү жайлап калды», — деди ал.

Атамбаев 2017-жылы «Жээнбековдун президент болуп шайланышын чын эле каалаганын» мойнуна алды. Анын айтымында, ага «көп адамдар экинчи президенттик мөөнөткө кайтадан шайланууну» сунушташкан, бирок ал «башкаруу мөөнөттү автоматтык түрдө узартуу идеясынан ыктыярдуу баш тартуунун мисалын көрсөтүү» үчүн сунуштан баш тарткан.

Ал парламенттик башкарууга өткөрүүнү аягына чыгарганга жетишпей калганын жана «кээ бир адамдарды» атайын же атайын эмес таарынтканын да жаңылыштык деп атады.

«Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы чыгып сүйлөгөн бардык сөздөрүндө менин саясий багытымды улантаарын жана башкаруунун парламенттик формасына өтөөрүн убадалаган. Бул учурда өлкөнүн лидери президент эмес, премьер-министр болмок», — деп айтты ал.

Мурдагы президент аны кол тийбестиктен мыйзамсыз ажыратышкан деп эсептейт.

«Мени экс-президент иммунитетинин статусунан четтеттүү тууралуу парламенттин чечими юридикалык күчкө ээ эмес — жоопкерчиликти белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт», — деп айтып берди ал.

Атамбаев «өкмөттүк кызмат орундарга отуруу» планында жок экенин айтып, бирок анын тарапташтары 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышаарын билдирди.

«Тилекке каршы, дээрлик шайлоо бүтөөр замат менин мураскерим башка жол менен кетти. Ал популизмдин жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ураандардын жардамы менен эл арасындагы үмүттү жандандыра алды. Алгач ага ишенишкен. Бирок, бир жарым жыл өткөндөн кийин эл реформалар жыйналып турганын көрдү. Бир үй-бүлөлүк кландын эрежеси кайра иштей баштады. Мен жана менин атыма байланыштуу болгондордун баары тең караланып жатат», — деди Атамбаев.

Беш жетишкендик

Атамбаев президент кезиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып жатып, негизги беш багытты белгилеп өттү: энергетикалык коопсуздук, транспорттук көз карандысыздык, соода-сатык, аскердик коопсуздук жана шайлоо системасын жакшыртуу. Ал булар тууралуу мурда эле «Атамбаевге чейин армия менен свет жок болчу» деп элдин алдында айтып келген.

«Мен президент болуп турган жылдары биз ушул энергеткалык шакекти эле курбастан, ошондой эле эки күчтүү көмөк чордонун койгонбуз, кубаттуулукту көбөйткөнбүз. Ошону менен Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн эң маанилүү энергетикалык ресурстун резервин камсыздаганбыз. Аны менен кошо өлкөбүздөгү эң ири болгон Токтогул суу электр чордонунун реконструкциясына киришкенбиз», — дейт Атамбаев. Ал ошондой эле «жаратылыш газынын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздаган» «Газпром» менен түзүлгөн келишимди белгилеп өттү.

Транспорттук көз карандысыздык деп ал жаңы жолдордун курулушу менен эски жолдордун оңдолушун айтып жатат.

«Мен президенттик кызматтан кеткенге чейин биз өздүк транспорттук шакектин курулушун дээрлик аяктап калганбыз. Түндүк-Түштүк жаңы авто жолу Кыргызстандын бардык региондорунун ортосундагы транспорттук катты жөнөкөйрөөк жана азыраак аярлуу кылат», — деди Атамбаев. Мурдагы өлкө башчысы бул «аймактык айырмаларды жоюуга жардам берет жана Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрөт» деп эсептейт.

Соода-сатыктагы жетишкендиктер деп Атамбаев ЭАЭБге кирүүнү, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүүсүн жана «өндүрүш ишканалардын бара-бара кайта жандануусун» айтууда.

Мурдагы президенттин ою боюнча, кыргыз армиясы «чоң эмес, бирок жетишерлик даярдалган, куралданган жана финансылык жактан камсыздалган», ал эми анын тушунда өткөн шайлоолор эл аралык байкоочуларды «ачыктык менен шайлоонун демократиялык процесстерин камсыздоо жагынан алып караганда, Кыргызстан — Борбор Азиядагы талашсыз лидер» экенине ынандырган.

Атамбаев президент болуп турганда «шайлоо системасын толугу менен реформалоо» ишке ашкан деп эсептейт.

«Эми шайлоочуларга биометрикалык паспорт боюнча гана добуш берүүгө уруксат берилген, ал эми манжалардын тактары хакерлерден бекем корголгон электрондук маалыматтар базасынын жардамы менен аныкталат. Биз муну менен бир адам бир нече шайлоочулар үчүн добуш берүү практикасын жокко чыгардык. Добуш берүү үчүн автоматтык урналарды киргиздик, бул эреже бузуунун дагы бир түрүн — бюлеттендердин массалык салынышын жок кылды», — деди ал. Анын ою боюнча, «эмдигиче дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, а түгүл Европанын ичинде да ушундай инновациялар жок».

Атамбаев анын тушунда «калктын кирешеси жогорулап, ал эми өлкөнүн ИДПсы дээрлик эки эсеге өскөн» деп эсептейт.

«Кыргызстан кирип калды делген карыздык кулчулук тууралуу айтсам — бул жалган. Өзүңөр баа берип көргүлө: Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) 2010-жылдан 2017-жылга чейин 3,4 миллиард долларга өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышка карызы 1,3 миллиард долларга көбөйгөн. Биздин Кытайга болгон карызыбыз 1,7 миллиард долларды түзөт», — дейт Атамбаев.