«Клооптун» редакциясы change.org сайтында Кыргызстанга байланыштуу соңку үч жыл ичинде жарыяланган 100дөн ашуун онлайн петицияны анализдеп, колдонуучуларды айлана чөйрө маселеси көбүрөөк кызыктыраарын аныктады.

10 популярдуу петициянын жетөөсү — бул Кыргызстандагы активисттердин айлана чөйрө маселелерин чечүүгө жасаган чакырыктары: жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуудан баштап бак-дарактарды кыюуга чейин.

Бул петициялар коомго чыныгы өзгөртүүлөрдү киргизүү ыкмасы катары канчалык эффективдүү экени белгисиз, ошол эле учурда алар маселелерге көңүл бурдуруу боюнча натыйжалуу экени талашсыз.

Эң популярдуусу — Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенин иштетүүгө каршы петиция. Ал «АКИпресстин» кабарчысы Алёна Хоменка тарабынан түзүлүп, 33 миңден ашуун кол топтогон. Ушундай эле петиция эң атактуу 10 петициянын экинчи орунунда жайгашып, дээрлик 9 миң кол топтой алган.

Жыйынтыгында уран кенин иштетүү токтотулган, бирок бул факт менен онлайн петициянын ортосундагы түз байланышты так аныктоо мүмкүн эмес. Анткени менен петиция бул маселеге көңүл бурдурууга жардам берген деп так кесе айтса болот.

Бишкектеги экологиялык маселелерге байланыштуу петициялар да көп кол топтойт: таза аба үчүн, бак-дарактарды кыюуга каршы, бак жана башка өсүмдүктөрдү отургузуу үчүн.

Популярдуулугу боюнча төртүнчү орунда турган жеткиликтүү бала бакчалар жана мектептер петициясы 10 миңден ашуун кол топтой алган. Петициянын автору Айзада Жумалиева өзүнүн кайрылуусунда бала бакчалардагы орундардын жетишсиздик көйгөйү жана санитардык нормаларды сактоо маселелери тууралуу жазган.

Эң көп кол коюлуучу саясий петиция президент Сооронбай Жээнбековду инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого чакырган жамааттык өтүнүчкө байланыштуу. Ага 6,5 миңден ашуун адам кол койгон.

Анализделген петициялардын арасында жеке адамдарга тиешелүүлөрү да бар. Мисалы, абакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду колдоого үндөгөн бир нече чакырыктар бар же күтүүсүз билдирүүлөрү менен белгилүү болгон депутат Камчыбек Жолдошбаевдин отставкасы үчүн түзүлгөн петиция.

Элдик демилгелер

Кыргызстанда петициялар аркылуу коюлуп жаткан талаптар менен сунуштарды кароого жана ишке ашырууга жооп бере турган механизм дагы деле жок.

Бирок мыйзамда элдик мыйзам чыгаруу демилгеси процедурасы бар жана ага ылайык, мыйзам долбоорду парламентте каралышына сунуштоо үчүн 10 миң кол топтош керек.

Саясий укуктук изилдөөлөр борборунун эксперти Талант Нарбаев өзүнүн анализинде элдик мыйзам чыгаруу демилгесинде көйгөйлөр бар экенин жазган. Мисалы, парламент жарандардын идеясын четке кагып коюшу мүмкүн.

«Демек, мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы катары эсептелинген Кыргызстандын эли мыйзам чыгаруу демилгесинде толук кандуу укукка ээ болбой жатат», — дейт эксперт.

Депутат Аида Касымалиева 15-апрелде ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда айтылгандай, эгер петиция 5 миңден ашуун кол топтосо, аны Жогорку Кеңештин комитети, ал эми 10 миң кол топтосо — парламенттин депутаттары карашы керек.

«Бүгүнкү күндө, онлайн петиция башкалардан айырмаланып азыркы заман үчүн учурда эң эле кызык болгон маселелер боюнча коомдун оюн изилдөөчү маанилүү жана актуалдуу инструмент катары саналат», — деп эсептейт ал.

Бирок бул идея парламентте каралышы үчүн мыйзам долбоору катары берилген эмес.

Авторлошу: Савия Хасанова