Бишкектеги жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды

Жол кырсыгынан кийинки сүрөт. Сүрөт: 24.kg

Жүргүнчү ташуучу №8 автобус менен жеңил автоунаанын кагылышуусунун натыйжасында төрт адам каза таап, дагы жетөө жаракат алды.

Жол кырсыгы Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде орун алган.

«Автоунаадагы төрт бала алган жаракаттарынан улам жеринен каза тапкан, дагы бир кыз оор абалды ооруканага жиберилген», — деп билдиришти жол милициянын басма сөз кызматынан.

Жабыркагандардын арасында автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөрү да бар.