Кыргызстан мектеп билиминин рейтингин текшерүүгө кайтууга камданууда. Бул эмне үчүн маанилүү?

Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп окуучулары 2024-жылы эл аралык PISA тестирлөөсүнө катышууга камданып жатышат деп билдирди. Бул тестирлөө окуучулардын сабаттуулугун баалайт.

Кыргызстан тестирлөөгө эки жолу катышкан — 2006 жана 2009-жылдары — анда эки жолу акыркы орундарды ээлеп, ошондон кийин билим сапатын текшерүүгө катышуудан баш тарткан.

Кудайбердиеванын айтымында, министирликте компетенттүүлүктүн негизинде түзүлгөн башталгыч мектептин жаңы стандарттарын бекитишкен. Бул ыкманын мааниси мектепте алган билимди колдонуу жөндөмдүүлүгүндө жатат.

«Башталгыч класстан окуп жаткан азыркы балдар — бул PISAга текшерүүгө бара турчу дал ошол 15 жаштагы балдар», — деди Кудайбердиева.

Мисалы, тилдерди үйрөнүү эми коммуникативдик ыкмага негизделген. Бул деген окуучулар үйрөнүп жатышкан тилде сүйлөгөндү билиши керек дегенди айгинелейт. Кудайбердиеванын айтымында, бул кыргыз жана англис тилдерине тиешелүү.

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, Кыргызстанда тестирлөөнү ким жана кайсы акчага өткөрөөрү азырынча белгисиз.

Мурдараак Кыргызстанда PISAны өткөрүүгө жардам берген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) уюму долбоор тууралуу аларда кошумча маалымат жок экендигин билдирди.

«Бизде келишим да, эч нерсе жок. [...] Биз мурдагы иликтөөлөрдү жүргүзгөнбүз, бирок ар бир учурда биз менен контракт түзүшкөн», — деп билдиришти ББОУБдан.

Акыркы жолу тестирлөөгө 173 мектептен 4,9 окуучу катышкан.

PISA эмне үчүн маанилүү?

PISA — бул 15 жаштагы мектеп окуучуларынын окуу, математика жана илимдеги жөндөмдөрүн баалоо боюнча эл аралык программа. Тестирлөө 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча уюм (OECD) тарабынан өткөрүлүп келет.

Өзгөчө жаш-курактын тандалып алынышы төмөнкүчө түшүндүрүлөт: көпчүлүк өлкөлөрдө 15 жашка келип калган окуучулар окуусун уланткысы келээр-келбесин чечүүгө жөндөмдүү болуп калышат.

Изилдөө ар үч жыл сайын көңүл көп бурулуп жаткан тармакка басым кылуу менен жүргүзүлөт. Мисалы, 2021-жылы окуучулардын креативдик ой жүгүртүүсүн кошумча тестирлөө менен көңүл математикага бурулат.

2024-жылы тестирлөөнүн уюштуруучулары илимге басым кылышат. Окуучулардын санариптештүүрүн шартында билим алууга жөндөмдүүлүгү, андан тышкары, алардын чет тилдер тармагындагы билимдери текшерилет.

Өкмөттөр билим берүү чөйрөсүндө өз саясатын түзө алышына жардам берүү үчүн PISA тесттин жыйынтыктарын бир жылдан кийин жарыялайт.

Кыргызстан тестирлөөдөн эки жолу акыркы орунду ээлеп калгандан кийин өлкөнүн бийлиги ага катышуудан баш тарткан. 2013-жылы билим берүүнүн министри болуп турган Канат Сыдыков өлкөдөгү билим берүүнүн реформасынын айынан PISAга катышуу убактылуу токтотулганын билдирген.

Ошол эле жылы өлкөнүн PISAга катышуусун демөөрчүлөгөн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлдөрү Билим берүү министрлиги тестирлөөнү мындан ары да өткөрүүнү каржылоону суранбаганын билдиришкен.