Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Сүрөт: «АКИпресс»

Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жолугушуусу Бишкекте 10-сентябрда болуп өткөн. Жолугушууга өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, финансы министри Темир Сариев, башкы прокурор Азимбек Бекназаров, президенттик аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев жана башкалар келген.

Алар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду абактан чыгышы менен куттуктоо үчүн жолугушушкан. Текебаев да, Чотонов да Убактылуу өкмөттө иштешкен.

Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн 14-сентябрда өтө турган жолугушууга чакырганын кабарлады.

«Бул сыр эмес. Анткени мамлекет башчысы бийлик эшелондорунун мурдагы жетекчилери менен жолугушуу өткөрүүдө», — деп кошумчалады ал.

Жолугушууда 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн курамына кирген саясатчылардын бардыгы эле болгон эмес.

Мисалы, 2010-жылы финансы министри болгон Алмазбек Атамбаев жок болгон. Учурда ал Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча айыпталып ТИЗОдо кармалууда.

Жолугушууга Убактылуу өкмөттун учурунда юстиция министринин милдеттерин аткарган Аида Салянова да келген эмес. Салянова да Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча өтүүдө.

Убактылуу өкмөт — бул 2010-жылдагы революциядан кийин жарым жылдык мөөнөткө айткаруу бийлигинин функциясын аткарган орган.