Р. Абдыкадыров атындагы филармония. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн жаңжалда жабыркаган имараттардын бири. Чыр-чатак маалында филармония өрттөнүп, жылуулук системасы да талкаланган.

Июнь окуяларынан кийин имарат оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен жылуулук маселеси чечилбей калган. Ал арада 150 кызматкер кышкысын жылытуучу электр каражаттарын колдонуп иштөөгө аргасыз болуп келишкен. Ал эми филармониянын эшиги көрүүчүлөргө жабык болгон.

Мекеменин жетекчилигинин Маданият жана туризм министрлигине жылуулукту калыбына келтирүү суранычы 2018-жылдын декабрь айында колдоо таап, тендер жарыяланган. Аны «Альянз-Экшн» ЖКЧсы жеңип, өз кызматын 5 млн 900 миң сомго баалаган. Аталган каражат 28-декабрда компаниянын эсебине которулуп, жылуулук системасын орнотуу иштери 2019-жылдын башында башталган.

«Үч айдан бери казылган бойдон турган тротуар»

Алгачкы төрт ай филармониядагы жылуулук системаны оңдоого, эскирген түтүктөрдү алмаштырууга кеткен. Андан кийин система шаардык ЖЭБге туташтырылышы керек болчу, бирок иш эки айга токтоп калган. Филармониянын жетекчиси түшүндүргөндөй, «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чара өткөндүктөн бул убакыт аралыгында мэрия жолду казууга тыюу салган.

13-июнда Ош шаардык жолдор башкармалыгына филармониядан Алишер Навои көчөсүнөн жылуулук берүү түтүгүн алып өтүү үчүн уруксат берүүгө сунуш келип түшөт. Мекеме эртеси күнү макулдугун берип, ишти 5-июлга чейин бүтүрүүнү талап кылат.

Бирок жылуулук берүү түтүгү «Ош Гранд» мейманканасынын жанынан өткөндүктөн жолду казуу иштерине макулдук алыш керек болгон. Филармониянын жетекчилиги билдиргендей, мейманкананын башчысына бир нече жолу кат жолдонгонуна карабастан уруксат беришкен эмес.

Ал арада борбордук көчөдөгү тротуар үч айдан бери казылган бойдон турат. Бул калаа тургундарына жана ишкерлерге ыңгайсыздык жаратууда. «Биз азыр бул жактан өтүп кетип атып бир топ эле ыңгайсыз болдук. Бул жактан түшүп кетейин дейсиң. Жаш балдар өтүшөт, ошондуктан тезирээк оңдошсо жакшы болмок», — деди жашоочулардын бири Фарида Топчубаева.

Тротуардын жанында дүкөн иштеткен Мира Миндибаева товарлар чаңдап, жараксыз болуп жатканын айтат. «Мурун мынчалык чаң болбойт эле. Азыр [товарды] бир күндө үч-төрт жолу сүрүп тазалайбыз, кайра эле бир аздан кийин келсем дагы эле тазаланбагандай болуп калып атат. Кийим-кечекти же жууй албайсың», — деп кейиди ишкер.

«Жалданмачы жылуулук берүү түтүгү өтчү жерлерден уруксат алып бериши керек болчу»

Тендерди уткан «Альянз-Экшн» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Жанарбек Бектуров жумуштар токтоп турганын ырастады. Мунун себебин «Ош Гранд» мейманканасынын жанынан түтүктөрдү алып өтүү үчүн уруксат берилбей жатканына байланыштырды.

«Биз аткаруучубуз, жалданмачы жылуулук берүү түтүгү өтчү жерлерден уруксат алып бериши керек болчу. Алар, тилекке каршы, чечип беришкен жок. Андан тышкары биз долбоор менен иштейбиз. Түтүктү өзүбүз каалаган жерден алып өтө албайбыз», — деп түшүндүрдү ал.

Бектуров мейманкана жетекчилиги казуу иштерине 15-сентябрдан кийин гана уруксат бергенин айтып, андан соң иштер апта ичинде бүтөт деп убадалады.

Тендер боюнча документацияда ишти аткарууга 60 күн берилген. Бирок дээрлик тогуз ай өтсө да филармонияга жылуулук тартуу иштери аягына чыкпай келет. Мунун себебин мекеменин жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова тендерди жарыялоодо ишти аткарууга 60 күн деп техникалык ката кеткени менен түшүндүрөт.

«Акча бөлүнгөндө эле, тендер дароо түзүлүп, катачылык кетип калды. Менимче 160 же 260 күн болчу. Бул жактан техникалык ката кетип калган. Анткени 60 күндө жылуулук системанын өзүн да оңдоп бүтүшпөйт болчу», — деп түшүндүрдү Садыбакасова.

Ал компания иштерди жылуулук берилгенге чейин бүтүрүүнү суранганын айтат. Ошондо жылуулук системасын текшерип, компаниянын ишин өткөрүп алабыз дейт Садыбакасова.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетектөөчү адиси Тынар Жээналиев «Альянз-Экшн» Навои көчөсүндөгү иштерди убагында аткарбагандыктан 5-сентярбрда компанияга чара көрүү боюнча шаардык прокуратурага арыз жазышканын «Клоопко» билдирди.

Авторлошу: Хамидулло Узаков

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.