Дата журналистиканын жаңы муунуна кошул!

Сандар менен иштеп, пайызды аныктап жана аны башкаларга түшүндүргөндү үйрөнгүң келеби? Балким сандардын артында эмне жашырылганын макала түрүндө ачып бергиң келип жатат. Анда дата-журналистиканын жаңы муунуна кошул!

Бул мектептен сен эмнени үйрөнө аласың?

Ачык маалыматтарга негизделген окуяларды жазууну нөлдөн баштап үйрөнөсүң. Биринчи жуманын ичинде биздин машыктыруучулар сага кантип өз алдынча ачык маалыматтарды топтоп, аны тазалап, анализдеп жана мунун негизинде окуя же макала жазууну үйрөтөт.

Андан тышкары сен сапаттуу дата-маалыматтырды аныктаганды үйрөнөсүң.

Курстун аягына чейин үч же төрт адамдан турган топто иштеп, дата-материал жаратууга жана аны Kloop.kg сайтына чыгарууга мүмкүнчүлүк аласың.

Курстун кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Кимдер тапшырса болот?

Мектепке өлкөнүн 7 облусунда жашаган башталгыч деңгээлдеги журналисттер, журналистика бөлүмүнүн студенттери же журналистикага кызыккан кыргызстандыктар тапшыра алат.

Мектептин уюштуруучулары аларды жол кире, тамак аш жана жатакана менен камсыздайт. Биз аймактагы журналистерди жана журналистика бөлүмүнүн студенттерин бул мектепке тапшырууга үгүттөйбүз!

Эки жумалык дата-мектеп Жалал-Абад жана Ош шаарларында «Клооп Медиа» фонду менен өнөктөштүктө өтөт. Германиялык Демократия, Медиа жана Культура алмашуу институту (IDEM) мектепти толугу менен каржылайт.

Мектеп качан башталат?

Дата журналистика мектеби 2019-жылдын 7-октябрында башталып 18-октябрда аяктайт. Курстардын биринчи жумасы Жалал-Абад шаарында, ал эми экинчи жумасы Ош шаарында өтмөкчү.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Электрондук дарек: schoolofdatakg@gmail.com Facebook: @schoolofdataKG 

Телефон: 0705 77 33 36

Дарегибиз: Асанбай 27/1 Ололо Хаус Ормон Хан, Бишкек.


Мектепке билдирмелерди кабыл алуу аяктады.