Сүрөт: Biosphere Expeditions

Сейрек кездешен мышыкты 15-июль күнү кечинде фототузак тартып калган. Кадрдан ак илбирс көк шиберде басып баратканын көрүүгө болот. Biosphere Expeditionsтин катышуучуларынын айтымында, жаныбар Кыргыз Ала-Тоонун түштүк кыркасында тартылган.

Ак илбирст жоголуп бараткан жаныбарлардын түркүмүнө кирет жана ал Кызыл китепке киргизилген. Ак илбирс Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстанда байырлайт. Ар кандай эсептер боюнча, Кыргызстанда ак илбирстин 200гө чукул түркүмү бар. Өлкөдө бул жаныбарды атууга тыюу салынган.