Иллюстративдик сүрөт

Маалымат саат 23:50дө жаңыртылды

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрда кечке жуук орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир аскер каза тапканын билдирди.

«Тажик тарап окту биринчи чыгарып, алгач Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылындагы постту аткылап, андан кийин «Сай» чек ара бекетин аткылаган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Ведомствонун маалыматына ылайык, саат 21:30да ок атышуу токтотулуп, тараптар чырдын мындан ары ырбап кетишин болтурбоо максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

«АКИпресс» басылмасы Саламаттык сактоо министрлигине таянып чыр-чатактан дагы эки аскер жана Максат айылынын алты тургуну жарадар болгонун кабарлады. Тургундардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу фейсбук баракчасына спикер Дастан Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар тобу Баткенге сапар алышаарын жазды.

Чек ара кызматы маалымдагандай, жаңжалдын чыгышына Тажикстан такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотпогондуктан, буга жооп катары аталган жерде жашаган Кыргызстандын жараны үйүнүн аймагына тосмо орното баштаганы себеп болгон.

«Саат 19:30да тажик аскерлери агрессивдүү маанайда Кыргызстандын жаранын курулушту токтотууну талап кылышкан. Мындан кайым айтышуу орун алып, ал ок атышууга чейин жеткен», — деп билдиришти мекемеден.

Социалдык тармактарда 16-сентябрда кечке жуук тасма жарыяланып, анда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болуп жатканы маалымдалган.

«Тажик менен кыргыз атышып жатат. Такыр күчөп кетти. Кыргызстандын күч түзүмдөрүн жөнөтүңүздөр», — деп комментарий берген видеонун автору.

Буга чейин 14-сентябрда Тажикстан Баткен облусундагы такталбаган эки аймакта курулуш иштерин баштаганы маалымдалган. Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу өлкөгө курулуштарды токтотуу боюнча талап коюлгандыгын билдирген. Бирок тажик тарап курулушту токтоткон эмес.