Видео: Милиция чек арадагы чырга байланыштуу Бишкектеги митингдин төрт катышуучусун кармады

20 адам катышкан митинг 17-сентябрда Бишкекте болуп өттү. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулгандар «кандайдыр бир жер берүү же алмашуу сыяктуу эпке келүүлөрсүз жаңжалды жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүнү» талап кылышты.

Милиционерлер пикетке катышкан төрт адамды кармап, аларга «түшүндүрүү иштерин» жүргүзүп, кайра коё беришкен.

«Эгер митинг өткөрө турушкан болсо, анда билдирме беришсе болмок, бирок андай билдирме болбогондуктан аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп билдиришти Бишкек шаардык ИИББнен.

Чоң кыз себепсиз кармап жаткандыгын айтып жол бербей жатат

Posted by Aykut Konushbai on Monday, September 16, 2019

Митингдин уюштуруучуларынын бири Урмат Жаныбаев фейсбукта билдиргендей, пикетке чыккандар Жогорку Кеңештен Биринчи май акимиатынын имаратына жөнөшкөн. Жаныбаев митинг «макулдашылганын», бирок милициядан муну четке кагып коюшканын кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атушуу 16-сентябрь күнү кечинде орун алган. Чыр-чатакта бир кыргыз аскери каза тапкан. Андан тышкары, 13 адам жарадар болгон, алардын арасында жаш өспүрүм бар. Жабыркагандардын он бири Бишкекке жеткирилди, алардын үчөөсү оор абалда.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, куралды биринчи тажик тарап колдонгон. Бирок Тажикстандын УКМКсынын чек ара кызматы окту биринчи кыргыз тарап чыгарганын билдирген. Тажик тараптын маалыматы боюнча, 12 адам жарадар болгон.

Тажикстандын Asia-Plus басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып үч адам каза тапканын кабарлаган.