Кыргыз-тажик чек арасында абал «туруктуу» — Чек ара кызматы

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» 18-сентярбда саат 11:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасындагы абал «туруктуу» деп билдирди.

«[Эки өлкөнүн] чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн кече башталган сүйлөшүүсү бүгүн дагы уланып жатат. Болуп өткөн окуяларды бир тараптуу иликтейбиз», — деп билдирди Бөрүбаева.

Мекемеден биргелешкен иликтөө жүргүзүү маселеси сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чечилеээрин кошумчалашты.

Баткен облусуна чектеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-августта курчуп кеткен. Атышуунун натыйжасында кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан. Ал эми 17-сентябрда жарадар болгон 10 адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Тажикстандын бийлиги үч аскер каза таап, 12 киши жарадар болгонун кабарлады. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, чек араны делимитация жана деморкация иштерин тездетүүнү макулдашышты.