Экс-депутат жана «Үмүт-2020» кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова ун өндүрүү тармагына байланышы бар депутаттарды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган буудай импортунан 650 млн сом акча табышкан деп айыптады. Депутаттар муну төгүндөшүүдө.
Айтматова ун өндүрүү боюнча бизнес 2015-жылы буудайдын данын киргизүүгө кошумча нарк салыгын (КНС) жокко чыгаруу тууралуу кабыл алынган мыйзамындын эсебинен 650 млн сом пайда көрүшкөнүн билдирди.
Активисттин айтымында, мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн ун чыгаруу тармагына байланышы бар депутаттар пайда табышкан. Алар: КСДП партиясынан Чыныбай Турсунбеков, «Кыргызстандан» Шаршенбек Абдыкеримов жана Мирлан Бакиров, «Өнүгүү-Прогресстен» Бакыт Төрөбаев.
Атамекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо
Депутаттар мыйзам долбоору эл өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн кабыл алынганын четке кагышууда. «Акун» компаниясына жубайы ээлик кылган Турсунбековдун айтымында, бул мыйзам өлкө ЕАЭБге кирээрдин алдында атамекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн кабыл алынган.
«Ал кезде ата мекендик өндүрүштү коргош керек, чек ара ачылган соң контрабандалык товарлар жайылып келет, ортодогу дистрибюторлор өлбөш керек деген маселелер турган. Ошол маселелерди чечиш үчүн өкмөттүн реакциясы болот», — деп билдирген депутат «Азаттыкка» курган маегинде.
Депутат Мирлан Бакиров «Клоопко» курган маегинде Айтматованын айыптоолору «болбогон популизм» деп атады. Анын айтымында, өзү жана кесиптеши Бакыт Төрөбаев депутат болгонго чейин эле ун өндүрүү тармагында иштешкен.
«Ширин Айтматова чарба, экономика жана реалдуу кырдаалдан таптакыр алыс. Жакында шайлоо жана популисттик сөздөр аны жакшы көрсөтпөйт. Биз бешинчи чакырылышта кесиптеш болгонбуз, мен андан бир да жолу экономикага байланыштуу жөндүү сунуш уккан эмесмин», — деди Бакиров.
Ошондой эле депутат активист айым менен соттошпоорун кошумчалап, бирок анын айткан сөздөрү «фактылар жана сандар менен такталышы» керектигин билдирди.
Бакиров узак убакыт бою «Мария» жана «Дан-Юг» ишканаларында директорлук кызматта иштеген. Азыр ал компанияларга депутат Бакыт Төрөбаевдин аялы ээлик кылат.
Төрөбаев өзү да депутаттардын ушундай эле позициясын карманат. Анын айтымында, мыйзам долбоору атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.
«Кыргызстан будайдын 80% ашыгын башка мамлекеттерден сатып алаары баарына эле маалым. Өз продукциябыз менен элди камсыз кыла албайбыз. Буга кошумча биздин дан эгиндин сапаты төмөн», — деп билдирген ал 24.kgге курган маегинде.
КНСти жокко чыгаруу
Бул мыйзам кийинчерээк жокко чыгарылып, буудайдын импорту үчүн алынуучу КНС 2017-жылы кайтарылган. Бул Кыргызстанда ун аталган жеңилдиктердин эсебинен арзандаган эмес жана мындан депутаттардын ун өндүрүүчү ишканалары гана утушка ээ болушкан деген нааразычылыктардан кийин ишке ашкан.
Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтүнүн аягында айткан. Анын айтымында, ушул жеңилдиктердин айынан Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) грант ала албай калып, өлкөнүн бюджети 1 млрд сом салык албай калган.
«Парламентте үч бай ун мыкчыгери отурат. Эми алардын айынан бюджетке миллиард сомдой кошумча акча түшпөй калчуудай болуп турат. Бул акча Эл аралык Валюта Фонду тарабынан грант катары келмек. Албетте, бул өкүнүчтүү окуя болуп жатпайбы», — деген ал.
«Үмүт-2020» кыймылы коррупцияга жана абийирсиз депутат менен аткаминерлерге каршы күрөшүү үчүн Айтматова тарабынан түзүлгөн. Экс-депутаттын айтымында, анын кыймылы 2020-жылда өтө турчу парламенттик шайлоого барбайт.