Apple iOS иштетүү тутумунун 13ү версиясы менен тааныштырды. Анда кыргызча клавиатура менен сомдун графикалык символу пайда болгон. «Клооптун» редакциясы бул жаңы функцияны сынап көрдү.

iOSтун жаны версиясы Appleдин расмий бетачаарынан кийин 19-сентябрда жүктөп алууга жеткиликтүү боло баштаган. Иштетүү тутумунун интерфейси кыргызчага азырынча которула элек, болгону кыргыз тилинде клавиатура гана кошулган.

Жалпысынан жаңыланган версияда клавиатура үчүн 38 жаңы тил пайда болгон. Кыргызчадан тышкары, казак, кашмир, күрд, монгол, түркмөн, уйгур жана өзбек (арабча, кирилл жана латынча) тилдери бар.

«Клооптун» редакциясы жаңы клавиатуранын бардык функцияларын сынап көрдү.

Орнотуу

Биринчиден, кыргыз клавиатурасын колдоно башташ үчүн iOSту акыркы версиясын көчүрүп алышыңыз керек. Аны төмөнкүдөй кылыңыз: «Жөндөө» —> «Негизги» —> «ПК жаңыртуу» —> «Көчүрүү жана орнотуу». (Англисче колдонгондорго: Settings — General — Software Update — Download and Install; Орусча колдонгондорго: Настройки — Основные — Обновление ПО — Загрузить и установить)

iOS жаңылангандан кийин Жөндөө — Негизги — Клавиатура баскычына жеткенде Клавиатуралар бөлүмүнө кирип «кыргызчаны» тандаңыз.

Колдонуу

Сыртынан караганда кыргыз клавиатурасы орусчадан анчейин деле айырмаланбайт. Боштук үчүн «аралык» деген жазуу колдонулган. Ал эми Enter/Return (Ввод) деген баскыч кыргызчага которулган эмес.

Кыргыз клавиатурасында башкы экранда кошумча символдор жок — «ө», «ү» жана «ң» тамгалары «о», «у» жана «н» тамгаларын 1-2 секунд басып кармап тургандан кийин гана пайда болот.

Кыргызчадан айырмаланып, казакча менен өзбекче клавиатурада төртүнчү катар пайда болгон. Ал жакта бул тилдерде колдонулган кошумча символдор жайгашкан.

Кыргызча клавиатурада жаңы символдордун арасында сомдун «С̲» символу да бар. Аны валюта белгисин басып туруу менен тапса болот: iOSуңузда кайсыл тилди колдонуп жатканыңызга жараша, бул же рубль, же доллар, же дагы башка символ болушу ыктымал.

Жаңылоого чейин Apple колдонуучулар кыргызча же казакча тилдери бар акысыз клавиатураларды көчүрүп же болбосо «ө», «ү» жана «ң» тамгалары бар «Кыргызча клавиатура» сыяктуу колдонмолорду сатып алып келишкен.

Эмне жок?

Айфондо кыргызча клавиатураны колдонууда автооңдоо/автокорреция жана сунуштама/предиктивдүү терүү жок. Башкача айтканда, клавиатура каталарыңызды оңдоп, анда ары жаза турган сөздөрдүн варианттарын сунуштабайт.

Үн аркылуу терүү кыргыз тилин тааныбайт. Ошондуктан ал үндөш сөздөрдү же англис тилиндеги туюнтмаларды тандап чыгарат.

Текшерүү үчүн биз эки телефонду пайдаландык. Алардын биринде WhatsAppта, экинчисинде «Эскертме» колдонмосунда үн аркылуу текст жазып көрдүк.

«Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгы менен куттуктайбыз» деген фразаны айтканыбызда,

WhatsApp мындай жыйынтык берди: «How many kids did tell me some on authorized go to famous».

Ал эми «Эскертме» колдонмосу муну сунуштады: «Mom look at it till me some and auto still do the Minnesota table».

Эки сөз тең, албетте, эч кандай маанини бербейт 🙂