Ош — Анжиян каттамынын ачылышы. Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

25-сентябрдан тарта Ош — Анжиян, Анжиян — Ош багыты боюнча кичи автобустар каттамы ишке кирди. Жаңы каттам Кыргызстандын «Трансордо» жана Өзбекстандын «Улуу курулуш элит» жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан ачылды.

«Клооптун» журналистине «Ош автобекетинин» диспетчери Пахридин Муратов каттамды Ош жана Анжиян тараптан алтыдан кичи автобустар тейлей тургандыгын маалымдады.

«Ош жана Анжиян тараптан чыккан унаалар күнүнө жалпы 36 жолу барып келишет. Билеттин баасы кыргыз сому менен 110, өзбек суму менен 13 000 болот. Каттоо үчүн атайын жадыбалдар түзүлүп, маршруткалар ар 20 мүнөт сайын жөнөп турат», — деп билдирди Муратов.

Автору: Эртөштүк Нурбек уулу