Кантип Малахов расизм жана далилсиз айыптар менен Кыргызстандын кыжырын кайнатты?

Орусиялык теле алып баруучу Андрей Малахов «Россия-1» мамлекеттик телеканалындагы берүүсүндө Кыргызстандын жаранын орусиялык миллардердин уулун өлтүрүүгө айыптады. Мунун баары расисттик билдирүүлөр менен коштолуп, Кыргызстандын бийлигинин да, коомдук тармактардын колдонуучуларынын да кыжырын кайнатты.

Кыргызстандык Исламбек Акбаров тууралуу сөз болгон берүү 24-сентябрь күнү кечинде чыккан. Анда Малахов менен студиянын коноктору 8-июль түнү орун алган жол кырсыгын талдашкан. Бул жол кырсыгынын натыйжасында миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов каза тапкан.

Акбаров ошол жол кырсыгынын башка катышуучусу болгон.

Телеберүүнүн учурунда Малахов жол кырсыгын буйрутма деп атап, ал эми Акбаровду мотоциклдин айдоочусу Маруговду атайлап сүзгөн деп айыптаган.

«Ал таксиде бир нече ай иштейт. Ага 100 миң доллар берсең, алар анын бүт үй-бүлөсүн, бүткүл “аулду”, туугандарын бактылуу кылышат. Маянасы 10 доллар болгон ал жакта, алар өмүрү өткүчөктү мындай акчаларды таба алышпайт», — деген Малахов.

Малахов берүүнүн аягына чейин атайылап өлтүрүү тууралуу гипотезасына кандайдыр бир далил келтирген эмес. 100 миң доллар цифрасын кайдан алганын да түшүндүргөн эмес.

Берүү чыккан убакыттан үч күн өткөн соң Кыргызстандын ТИМи Орусиянын элчилигинин кеңешчи өкүлүн чакырткан.

ТИМ алып баруучу Кыргызстандын жараны тууралуу «туура эмес» билдирүү жасаган деп эсептейт.

«Кыргызстандын ТИМинин өкүлү кыргыз-орус өнөктөштүк жана стратегиялык мамилелерин эске салып, Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын журналисттеринин мындай сөздөрү боюнча тынчсыздануусун билдирди», — деп маалымдады министрликтин басма сөз кызматы.

ТИМдин өкүлдөрүнүн элчиликтин кызматкери менен маектешүүсүнүн чоо-жайы ачыкталган жок.

Кыргызстандыктардын реакциясы

Малаховдун айткандары коомдук тармактардын кыргыз сегментинде да көптөгөн терс комментарийлердин чыгышын шарттады.

Колдонуучулар #MaLOHov хэштеги менен флешмоб башташып, алып баруучудан кечирим суроону талап кылышууда. Анын Инстаграмдагы акыркы посттору сын айтылган комментарийлердин чабуулуна кабылган.

Инстаграмда Малаховго даректелген комментарийлер

Кыргыз парламентинин депутаты Элвира Сурабалдиева Малахов Кыргызстанды кемсинтти деп эсептейт.

«Малахов жөн гана бой көтөрбөстөн, ал бүтүндөй улут тууралуу эң эле басынтуу вариантында билдирүү жасап, ошону менен өлкөбүздү жамандады. Эми болсо муну биз стратегиялык өнөктөшбүз деп эсептеген өлкөнүн жана тилин биз КРдин расмий тили деп тааныган Орусиянын жараны айтууда. Шовинизм», — деп жазган ал твиттерде.

Парламенттин дагы бир депутаты Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин акыркы жыйынында Малаховдун айткандары тууралуу маселе көтөрдү.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы бул жыйындан кийин алып баруучуну «саткын шоумен жана жамынбаган шовинист» деп атаган билдирүү чыгарган.

«Сөздөрдү туура эмес түшүнүп алышкан»

Малахов өз сөздөрү үчүн кечирим сураган эмес, бирок 27-сентябрда өзү редактор болуп эсептелген StarHit.ru басылмасында колонка чыгарган.

Алып баруучу «жеке пикири демократиялык Кыргызстандын жашоочуларында ушунчалык нааразылык жаратаарын» эч качан элестетип көрбөгөнүн билдирген.

Малахов сөзүмдү «туура эмес түшүнүп алышкан» жана ал бул үчүн өкүнүп жатам деп жазган.

Өз учурунда Акбаровго эч качан адамды өлтүрүү айыбы тагылган эмес — ал «Кокустуктан адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы» үчүн 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.


«Клооптун» редакциясынан: эмне үчүн биз Малаховдун сөздөрүн расисттик деп атайбыз?

Малаховдун сөздөрүндөгү негизги расисттик нарратив — бул берүүнүн учурунда ал Акбаровду бир гана дам өлтүрүүгө айыптабастан, байма-бай анын туулган мекенин басым жасап эскерип турган.

Малаховдун эң эле көйгөйлүү сүйлөмү — ал элестетилген 100 миң доллардан ким утаары тууралуу айткан учурундагы «бүткүл аул» фразасын колдонгону.

«Аул» — бул орус тили үчүн абдан бир бөтөнчө сөз. Негизинен ал «село» деген сөздүн котормосу, бирок ал сөз ак эмес адамдар жашаган айыл экенин баса белгилеп коюу маанилүү болгон учурларда колдонулат. Мисалы, кавказдыктар же азиаттар жашаган айыл тууралуу айтып жатканда.

«Аул» сөзүн, болгондо да тоотпогондой өктөмдүк менен ак алып баруучунун колдонгону — бул расизм.