Бул подкасттын тексти. Подкастты сайтта угуу үчүн бул жерди басыңыз.

Телефон же планшеттеги колдонмодон угуу үчүн:

Apple подкастта угуш үчүн бул жерден акысыз жазылыңыз.

Google подкастта угуш үчүн бул жерден акысыз жазылыңыз.

Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында экс-президент камалып отурат, азырынча ал эки жарым ай тергөө абагында. Ал өз үйүндө бир-эки күн коргонуп жатып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында акыры колго түшүп берди.

[Музыка]

Экс-президенттерде чексиз кол тийбестик болбошу керек деп, ага байланыштуу Жогорку Кеңеш кол тийбестикти алып салуунун жол-жобосун иштеп чыккан.

Бул чыгарылыштын башкы суроосу — Мыйзамда экс-президенттин макамы кандай болуп өзгөрдү? Мыйзам боюнча мурдагы президент кармалышы керек беле? Мыйзамдын артка иштөө күчү деген эмне жана анын Алмазбек Атамбаевдин кармалышына кандай тиешеси бар?

Бул чыгарылышта ушул суроолордун жообун берүүгө жана анын айланасындагы окуяларды аңдап түшүнүүгө аракет кылабыз.

Бул «Клооптун» подкасты. Аты-жөнүм Элмурат Аширалиев. Бүгүн 25-сентябрь, 2019-жыл.

* * *

Элмурат Аширалиев: Азыркы күндө Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында. 26-октябрга чейин ал камакта калды. Ал бир нече кылмыш иштери боюнча шектелип жатат. Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Замир Жоошев: 14-августта ишке катышып калдым. Баягы кабарламаларды ала элек болчумун.

Аширалиев: Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин эки жактоочусунун бири.

Жоошев: Алмаз Шаршенович шектелүүчү катары 13-августта маалымдандырылган. А мен 14-августта келип атам. Ошон үчүн тогуз ишти көрө элекмин, ал азырынча берки кесиптешим Сергей Слесаревде. Жалпысынан 14 айыптоо.

Аширалиев: Атамбаев 8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө милицияга колго түшүп берген. Ошол эле күнү аны Ички иштер министрлигине күбө катары сурак берүү үчүн алып барышкан. Бул окуяны «Атамбаевди кармоо операциясы» деп атагандар да бар. Бирок бийлик «бул Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү» болгон айтууда.

Бул ишке Коопсуздук комитети тартылып, атайын бөлүктүн аскерлери Атамбаевдин үйүнө барышкан. Натыйжада бир аскер алган жаратынан ооруканада жатып каза тапты.

Атамбаев кантип кармалды эле, оболу 2019-жылдын 7 жана 8-августунда болгон окуялар жөнүндө кыскача.

[Кыйкырык. Белгисиз эркек киши: Эй, кеттик! Ичинде элүүдөй эле киши калды! Келгилечи, эй! Чогулгулачы!]

Аширалиев: Биз шарттуу түрдө «Атамбаевди кармоо операциясы» деп атап туралы. Операция 7-августта кеч киргенде башталган.

[Бир нече жолу ок атылды. Алыстан ышкырыктар угулуп атат]

Аширалиев: Үндөрдөн ок атылганын угууга болот.

УКМК операция учурунда резина октор атылганын айткан менен Атамбаевдин тарапташтары чыныгы эле октор колдонулганын айтып чыгышкан. Ал эми атайын кызматтагылар аскер октору Атамбаевдин үйү жактан атылганын билдирген. Кандай болгонуна тергөө иштери чекит коёр.

Кой-Ташта операция башталгандан кийин 1-2 сааттын ичинде кырдаал курчуп, телеканалдар тартпай, мобилдик байланыш өчүп калган.

[Дарак кыйылды. Кыйкырык. Белгисиз эркек киши: Кач, кач! Ызы-чуу, ышкырыктар]

Аширалиев: Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таштын жолундагы бир нече бак-дарактарды кыйып, машина өтпөй тургандай кылып жолду тосууга аракеттенишкен.

Ошентип операциянын биринчи күнүндө күч органдары менен Атамбаевдин жердештеринин ортосунда тиреш чыгып, тарапташтары Атамбаевди кармап кетүүгө жол берген эмес.

Айнура Осмонова, «КСДПдан» эл өкүлү: Атамбаевдин үйүндө ок атуучу куралдар каяктан пайда болгонун жана кимдер тарабынан колдонулганын тактадыңарбы?

[Музыка]

Аширалиев: Эртеси, 8-августта, Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулду. Президент Сооронбай Жээнбеков да эмгек өргүүсүн токтотуп, өлкөдө жаралган кырдаал боюнча Жогорку Кеңеште билдирүү жасап кеткен.

Жыйынга чакырылган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери депутаттардын сынына кабылган. Андан кийин депутаттар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн коё беришкен.

Рыскелди Момбеков, «КСДПдан» эл өкүлү: Силер террористти алып келгендей кылып туруп, «Альфаны» ал жакка эмнеге алып бардыңар? Ички иштер министрлигинен балдар барса болбойт беле?

Курманкул Зулушев, «Республика-Ата Журттан» эл өкүлү: Мына азыр билдирүү жасап атат. «Мен беш-алты жолу өз куралым менен аттым. Мүмкүн спецназга тийди» дейт. Кылмыш кылганын мойнуна алып атат.

Алмамбет Шыкмаматов, «Ата Мекенден» эл өкүлү: Офицер өлдү! Бейкүнөө адам өлдү! Ошондуктан силер отставкага кетишиңер керек!

Элвира Сурабалдиева, «КСДПдан» эл өкүлү: Каргыш ала турган киши — бул жерде Атамбаевдин мойнунда!

[Музыка]

Аширалиев: Жогорку Кеңештин жыйыны андан ары жүрүп жаткан кезде Атамбаевди кармоо иши кайра уланып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кечки саат 7лерде Атамбаев колго түшүп берүүгө макул болгон.

Алмазбек Атамбаев: Мага го бир тыйын. Мени, керек болсо, атып салгыла. Балдарга тийбесеңер болду.

Курсан Асанов: Эч ким атпайт!

Аширалиев: Ички иштери министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асанов менен Алмазбек Атамбаев сүйлөшүү жүргүзүп атат.

Курсан Асанов: Ички иштер министрлигинде, өзүңүз билесиз, тогуз жылдан бери орун басармын. Мен айтып коёюн. Мен сөз бергенден кийин мен сөзүмө жооп берем. Асанов Курсандын сөзү.

Аширалиев: Кадр артында кандай сүйлөшүү жүргөнү бизге белгисиз. Бул бизге белгилүү болгон бөлүгү.

Курсан Асанов: Алмаз Шаршенович!

Алмазбек Атамбаев: Оу.

Асанов: Мен кетип атам.

Кундуз Жолдубаева: Келиңиз, келиңиз.

Атамбаев: Оо, Курсан! Артыңдагы балдар ылдый түшүп турсун да. Сенин аркаңдан чуркап келсе, анда эмне кылабыз?

Асанов: Жок! (жанындагыларга кайрылып) Кирбей тургула, мен кирип чыгам. Алмаз Шаршенович, эшикти ачың. (жанындагыларга кайрылып) Балдар түшкүлө.

* * *

Асанов: Биринчиден, Алмаз Шаршенович, элдин тынчтыгы деп, анан туура түшүнүү менен келип, мага кандын кереги жок, мен өзүм каалоом менен колго түшөм дегениңизге мен ыраазычылык билдирем! Бардыгы мыйзамдын негизинде чечилет. Балдарыңызга эч ким тийбейт. Ага сөз беребиз. Азыр убакыт көп болду, чыга берсек болот.

Аширалиев: Бул сүйлөшүү менен «Атамбаевди кармоо операциясы» аяктаган. Бирок операция мүчүлүштүктөр менен коштолгон. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова операция элге ачык жарыяланып, эң негизгиси мыйзамда көрсөтүлгөндөй ишке ашырылышы керектигине көңүл бурду.

Клара Сооронкулова: Штрумду жашыруун жасабай эле, мыйзамда көрсөтүлгөндөй эле, ошол аймактагыларды курчоого алып, «чыгып кеткиле, биз баланча максат менен келдик» деп, үч жолу эскертип, анын баарын видеого тартып, элдин баарына жакшынакай кылып көрсөтүп, «мына, ар бир кадамыбыз мыйзамдуу болуп атат» деп, анан тиги тараптан каршылык көрсөтүү болгондо, анан курал колдонуп, штурм кылса болмок. Кинодогудай кылып элечи. Мыйзамда деле ошондой көрсөтүлгөн. Тынчтык жолу менен, сүйлөшүү, эскертүү. Эгерде тынч ыкмалар натыйжа бербесе, ошондо гана күч колдонгонго болот деп мыйзамда көрсөтүлүп турат.

Аширалиев: Ушуну менен Атамбаевди Ички иштер министрлигине алып кетишкен.

[Машинанын ичиндеги үн. Белгисиз эркек киши: Токтогула, элдер тосуп атат азыр. Киши көп аябай.

Белгисиз аял киши: Кундуз эже, баары жакшыбы?

Кундуз Жолдубаева: Орточо.

Белгисиз аял киши: Шеф кайда?

Кундуз Жолдубаева: Шефти ИИМге алып кетип атышат.

Белгисиз эркек киши: Чоң кыз, коё турсаң!

Кундуз Жолдубаева: Сурап атышпайбы?

Белгисиз эркек киши: Айтпай эле кой да! Баары жакшы болот]

Аширалиев: Мындай окуя, мурдагы президенттин кармалышы, Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки тарыхында биринчи жолу болууда.

А биз болсо бул окуяга эгемендүү өлкөнүн мыйзамдары менен карап көрүүгө аракет кылабыз.

[Машинанын ичиндеги үн. Алыста сиренанын үнү]

* * *

Аширалиев: Мыйзам боюнча демекчи, экс-президенттин макамы Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Баш мыйзам экс-президенттин макамы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам менен жөнгө салынаарын айтат.

2019-жылдын май айында киргизилген өзгөртүүлөргө чейин мыйзам боюнча экс-президенттерди жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес эле. Экс-президент чексиз же болбосо абсолюттук кол тийбестикке ээ болчу.

Эми жаңы мыйзам боюнча мурдагы президентти жоопкерчиликке тартса болот. Ал үчүн экс-президент деген статусунан ажыратуу жетиштүү болуп калган.

Курманкул Зулушев: Мына сиздин чечим. 3-октябрь, 2018-жыл.

Эркинбек Мамыров: Биздин чечим.

Зулушев: Эми, сиз төрагалык кылган сиздин чечим.

Мамыров: Жок, ал коллегиалдык орган да?!

Зулушев: Коллегиалдык, болуптур. Конституциялык палатанын чечими, туура болдубу?

Мамыров: Туура.

Аширалиев: Бул парламент депутаты Курманкул Зулушев менен Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров.

Талаш-тартыштын башталышы 2018-жылдын күз айларына барып такалат.

Юрист Нурбек Токтакунов «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп Конституциялык палатага кайрылган.

Аталган беренеде экс-президенттерде чексиз кол тийбестик бар экени көрсөтүлгөн болчу. Чексиз кол тийбестик — административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт дегенди билдирет.

2018-жылдын 4-октябрында Конституциялык палата аталган беренени Конституцияга каршы келет деп тапкан. Бирок экс-президенттерде кол тийбестик калышы керектигин билдирген.

Зулушев: Конституцияда экс-президент мыйзам менен аныкталат деп турат. Болду. Ал кандай мыйзам берет — бул Жогорку Кеңештин укугу. Силер ошону тартып алып, «импичменттин деңгээлинде экс-президентке укук бергиле» деп айтып атпайсыңарбы?! Мына, биз бердик азыр.

Аширалиев: Конституциялык палатанын чечими эл өкүлдөрүнүн сынына кабылган. Сындагандардын арасында Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиевдер бар. Дал ушул эки депутат ага чейин эле экс-президенттерден чексиз кол тийбестикти алып салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан болчу.

Мамыров: Кол тийбестик президенттин кол тийбестигинин логикалык эле уландысы. Анын үстүнө ал кол тийбестик ошол президент болуп иштеп турган убакытка гана тийиштүү.

Аширалиев: Конституциялык палатанын бул чечими Атамбаевдин пайдасына чечилди дегендер бар. Ошол эле кезде бул чечим менен президент Сооронбай Жээнбековго жагынуу аракети болуп атат деп баа бергендер да болгон.

Зулушев: Эркинбек Тобокелович, мындай да. Конституцияда так. Экс-президенттин статусу мыйзам менен аныкталат, ал мыйзамды Жогорку Кеңеш берет. Экс-президентке депутаттын укугун береби, койбой алып коёбу — бул мыйзам чыгаруу жыйынынын укугу. Бирөө кайрылса, Конституцияга туура келбейт деп силер чечим чыгарып берсеңер болмок.

Мамыров: Курманкул Токторалиевич, эгерде биз укуктук мамлекетпиз десек, эгерде биз демократиялык мамлекетпиз десек, ар бир демократиялык-укуктук мамлекетте Конституциялык сот бар. Бул азыркы конституциялык…

Зулушев: Мындай да, сиз мага мораль окутпаңыз!

Мамыров: Угуп койсоңуз!

Зулушев: Мен сизге кечирим сурап сүйлөгөм. Силер ошондой Конституциялык соттун судьясына татыктуу болуңуз анда! Мынтип ойногон чечим чыгарбаңыз...

[Музыка]

Сания Токтогазиева: Бул жерде Конституциялык палата Жогорку Кеңешке эч кандай буйрук берген жок.

Аширалиев: Бул Сания Токтогазиева. Ал Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу.

Токтогазиева: Тескерисинче, «Силер механизмди ойлоп тапкыла» деп Жогорку Кеңешке айтып атат.

Аширалиев: Ал Борбор Азия менен Чыгыш Азиядагы Конституциялык соттордун салыштырмалуу анализин жасаган. Анын оюнча, Кыргызстандын Конституциялык палатасы эл аралык практикалардан кабардар жана кабыл алган чечимдери ага шайкеш келет.

Токтогазиева: Менин оюмча, эмне үчүн бизде азыр ушундай көптөгөн дебаттар болуп жатат? Анткени, Конституциялык палата чынында эле өсүп-өнүгүп жатат. Башка мамлекеттерде кандай тенденциялар болуп жатат, кандай новеллалар болуп жатат — бардыгын көрүп, ошону Кыргызстанга пайдалангысы келип атат. А бизде болсо, башка бийлик өкүлдөрү ошол тенденциялардан артта калган. Анан бизде ошондой. Бир нерсени түшүнбөсөк эле, бир нерсе жаңы болсо эле, «мындай болбойт, мындай болбошу керек» деп биз кабыл албайбыз. Ошонун кесепетинен көпчүлүк убакта парламент менен Конституциялык палатанын ортосунда көп келишпестиктер болуп атат. Эгерде башка мамлекеттердин стандарттарынан карап көрсөк, Конституциялык палата кабыл алган көпчүлүк чечимдер азыркы эл аралык конституциялык принциптердин негизинде тенденцияларды жана новеллаларды Конституциялык палата карап жатат, окуп жатат, пайдаланып жатат деген ойдомун.

Аширалиев: Ошондой эле ал мамлекеттик органдар башка өлкөлөрдө кандай өзгөрүүлөр болуп атканы жөнүндө маалымат алып, глобалдык деңгээлде ойлоно башташы кажет деп эсептейт.

Токтогазиева: Ошондуктан, менин оюмча, биздин парламентарийлерибиз өз деңгээлин кичине көтөрүп, башка мамлекеттерде эмне болуп жатат деп, глобалдык деңгээлде ойлоно башташы керек. Анан биз «мындай болушу керек» деп, башка тенденцияларды четке каккан болбойт. Алар ошондой эле болуп атты. Алар билбесе, алардын логикасы боюнча, Конституцияга дал келбейт, Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти жана башка аргументтер болуп атат. Бирок ошол эле палата кандай логикага келгенин, негиздемесин окуп көрсөк, баары ошол Түштүк Кореяда, Тайван жана башка мамлекеттер кабыл алып аткан практика эле.

Аширалиев: Эми жаңы мыйзамга ылайык, экс-президентти макамынан ажыратууну Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңеш чече алат. Башкача айтканда, экс-президент макамын алгандан кийин гана анын кол тийбестиги жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Бул процесс боюнча кыскача айта кете турган болсок:

Адегенде, экс-президент статусунан ажыратууну Жогорку Кеңештеги депутаттардын жок эле дегенде ⅓ демилгелейт. Ал боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссия корутунду чыгарат. Андан ары Башкы прокурор экс-президенттин кызматта турган учурундагы аракеттеринде кылмыш белгиси бар же жогу боюнча корутунду берет. Андан соң корутундуну эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кабыл алышы керек.

Эң эле башкысы — бул процесс үч айдын ичинде чечилиши керек. Бул мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңеш чечим кабыл албаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет.

Клара Сооронкулова: Жогорку Кенеш өзү мыйзам кабыл алып атканда абдан чоң ката кетирди.

Аширалиев: Бул Клара Сооронкулова. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы.

Сооронкулова: Анткени, булар кол тийбестикти алып салууну экс-президент макамына байлап коюшту. Кол тийбестикти алыш үчүн башта экс-президент деген наамды алыш керек дешти. Ошону менен экс-президент деген наамды Атамбаевден алып коюшту. Бул жагынан туура эмес болуп калды.

Аширалиев: Экс-президенттин макамы менен кол тийбестик кепилдиги бири-бирине байланып калды.

Сооронкулова: Жоопкерчиликке тартылгандан кийин экс-президент акталып кетиши мүмкүн да?! Эгер актала турган болсо, экс-президент деген наам өзүндө калышы керек эле. Булар болсо ажыратып коюшту. Азыркы күндө, мисалы, Атамбаев акталып кете турган болсо, ага кайрадан экс-президент деген наамды кайтарып бере алышпайт.

[Музыка]

* * *

Аширалиев: Алмазбек Атамбаевди эмнеге суракка чакырышкан? Суракка чакырууга эмне түрткү болгон? Бул суроого жооп бериш үчүн 2017-жылдын аягы, 2018-жылдын башындагы окуяларды эске салуга туура келет.

Атамбаев: Сооронбай Шариповичке, досума, өз батамды берейин. Өзүм жаздым эле, өзү окуп берейин, адашып кетпей толкунданып.

Аширалиев: Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго президенттик кызматты өткөрүп берип жаткандагы куттуктоо сөзү. Атамбаев Жээнбековго «Соке досум» деп кайрылган.

Атамбаев: О, Жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун

Кырсыктын балээсинен сакта!

Душмандын залаасынан сакта!

Дос көрүнүп, кас болгондон сакта!

Жанында жүрүп, өч болгондон сакта!

Соке досум, берекет жаныңдан кетпесин!

Аширалиев: 2017-жылы октябрь айындагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго ачык эле колдоо көрсөтүп, анын талапкерлигин сүрөмөлөгөн. Натыйжада Жээнбеков президент болуп шайланып келди.

Президенттикке келээри менен эле Жээнбеков Атамбаевди көкөлөтө мактап, өлкөдөгү сыйлыктардын эң жогоркусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры сыйлыгын берерин расмий жарыялаган.

Жээнбеков: Кыргызстаныбызга, элибизге, аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы, «Аш шумкар» өзгөчө белгисине татыктуусуз.

Аширалиев: Бирок ал сыйлык ошол сөз ошол бойдон эле кала берди.

Жээнбеков: Сизге элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырамын деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым ушул жарлык болот, урматтуу агайын-туугандар!

[Отургандар кол чаап жатышат.]

[Музыка]

Жээнбеков: Урматтуу жыйындын катышуучулары, Коопсуздук кеңешинде өлкөдөгү эң орчундуу маселе талкууланат. Менин төрагалыгым менен өтүп жаткан биринчи жыйынга жогоруда айтылган актуалдуу маселе коюлду.

Аширалиев: Президенттик кызматка келгенине эки айдай убакыт болгондо Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн.

Анда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөөрүн, «күрөштүн башында өзү тураарын» баса белгилеген.

Жээнбеков: Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жатат.

Аширалиев: Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын 8-февралда өткөргөн. Ага чейин, кыштын чилдесинде, 2018-жылдын 26-январында, Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, борбор калаанын тургундары беш күндөй жылуулуксуз калган. Негизи жылуулук борбору жаңы эле оңдоодон өткөрүлгөн болчу.

Жыйын жылуулук борборундагы авариядан кийин өткөнү — бул жөн гана дал келүүчүлүкпү же болбосо жыйын аварияга байланыштуу өттүбү бизге белгисиз.

Серепчилер Жээнбековдун Коопсуздук кенешиндеги бул билдирүүсү Атамбаевге жакпай калгандыктан ортодо тымызын тиреш пайда болгонун айтып чыгышкан. Себеби, Жээнбеков өз сөзү менен Атамбаев дайындап кеткен күч түзүмдөрүнүн башчыларын катуу сынга алган.

Ошондой эле кийинчерээк Бишкек ЖЭБиндеги жарылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар мурдагы жана аракеттеги аткаминерлер чекеден кармала баштаган. Алардын көпчүлүгү Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү катары белгилүү.

Айтор ушул жана андан кийинки окуялардан улам эки достун мамилеси начарлап, Атамбаев ачык эле оппозициялык маанайга өткөн жана Жээнбековдун саясатын катуу сынга ала баштаган.

Ал ортодон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулушу боюнча кылмыш ишине Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка чакыра башташкан.

Атамбаев: Азыр мына, Атамбаев Батукаевден акча алып чыгарды деп сөз чыгарыш үчүн баарын камап атат. Эй! Албетте, бир шылуундар аныктамаларын оңдоп, диагнозун оңдоп, Батукаевди чыгарып жиберишкен. Бирок мен да Батукаев чын эле үч айдын ичинде өлүп калат экен деп ишенгем. Бирок мен, Атамбаев, ал кездеги президент, Батукаевге «мен сени чыгарам, акча бер» деп айтат белем? Аны Сооронбай айтат!

Аширалиев: Ошондуктан Атамбаевдин суракка чакырылышын өлкөдөгү башкы оппозициялык күчтүн жок кылынышына теңегендер бар.

Ага үч жолу суракка чакыруу жиберилип, үчөөнү тең Атамбаев четке каккан. Акырында кат түрүндө суракка катышаарын, дагы бир билдирүүсүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Бирок Клара Сооронкулова мыйзам алдында баары бирдей экенин эске салды.

Сооронкулова: Бардыгыбыз үчүн мыйзам бирдей. Чакыруу кагазы келдиби, болду, сөзсүз түрдө барыш керек. Ал ар бир жарандын милдети. Ал укук эмес. Суроолоруна жооп бериши керек. Өзүнүн процессуалдык документтери бар, ошол документтерди толтурушу керек. Ошон үчүн баш тартканы туура эмес болуп калды.

[Музыка]

Аширалиев: Бул теманын үстүнөн иштеп атканда эң эле көп басым жасалган учур — экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу мыйзам 2007-жылдан тарта күчүнө киргизилгени болду.

Исхак Масалиев: Иштеп аткан президенттерди импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Ал эми экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албайт экен.

Аширалиев: Депутат Масалиев Жогорку Кеңеште сүйлөп атат.

Экс-президенттин чексиз кол тийбестиги тууралуу мыйзам өзү 2003-жылы кабыл алынган.

Масалиев: Мен эстетип коёюн, бул өз мезгилинде Аскар Акаевди тезирээк кетсин деп, ушул норма өзү калып калган экен.

Аширалиев: Кийин 2007-жылы Баш мыйзам өзгөртүлгөндө чексиз кол тийбестик жөнүндөгү 53-берене алынып салынып, бирок «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамда бул жагдай калып калган.

Ошондуктан демилгечи депутаттар «жаңы мыйзам кабыл алынган жок, болгону мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирип жатабыз» деп түшүндүрүп келишет.

Ал эми талаш-тартыштын экинчи тарабындагылар кандай гана мыйзам болбосун ошол кабыл алынган мөөнөттөн кийинки окуялар үчүн гана таасири болот деп айтып келишет. Башкача айтканда, бул бүгүн кабыл алынган эреженин, кечээ жасалган кылмыш үчүн таасири жок дегенге жатат.

Замир Жоошев: Жанагы мыйзамды быйыл эле киргизишти. Экс-президент кол тийбестиктен ажыратылат, ушундай мүмкүнчүлүк бар дешти. Мурда мүмкүнчүлүк жок эле.

Аширалиев: Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев. Жаңы мыйзам артка иштеп, анын натыйжасында жаңы милдеттенмелер жүктөлүп жатканына көңүл бурду.

Жоошев: Ал мыйзам быйыл кабыл алынып туруп, анан артка секирип атпайбы? Ошол жактан тарта иштетебиз дешти. Ошол өзгөртүүлөр Алмаз Шаршенович үчүн жаңы милдеттенмелерди жүктөдүбү? Жүктөдү. Жаңы жоопкерчиликтерди жүктөп атабы? Жүктөп атат.

Аширалиев: Ошондо мыйзам артка иштедиби же жокпу? Бул суроого алдыда кайтып келебиз. Өзү дүйнөлүк практикада мыйзамдын артка иштеген учурлары болуп-болбогонун билүү үчүн Сания Токтогазиевага кайрылдым. Ал Борбор Азия жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Конституциялык сотторун изилдегенин дагы бир жолу кайталап кетели.

Мисал катары ал Түштүк Кореяда 1980-жылдары болгон окуяга токтолду.

Токтогазиева: Түштүк Кореяда аскердик бийлик кулагандан кийин жаңы демократиялык бийлик орнотулган. Ошол аскердик бийлик турган кезде алардын Гванжу деген шаарында көптөгөн адамдар каза тапкан. Эки президентти жоопко тартабыз деген суроо пайда болгон.

Аширалиев: Ошол экс-президенттерди жоопко тартуу иши Түштүк Кореянын Конституциялык сотуна келип түшкөн. Жалпысынан эки жолу келген. Биринчи жолу келгенде, доо арыз эскирип калганына шылтап, бул маселе боюнча жооп бере албасын айтышкан.

Токтогазиева: Андан кийин жаңы президент келгенде, ошол убакта болуп өткөн кырдаал боюнча адамдарды жоопко тартууга байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алышкан. Негизинен, артка иштетүү мыйзамы кабыл алынган. Анан ошол мыйзам конституциялык соттун алдына келип түшкөндө, бул мазмуну боюнча ретроактивдүү эмес, бирок формасы боюнча ретроактивдүү деп айтышкан. Ошонун негизинде мыйзам конституцияга дал келет деп чечим чыгарган.

Аширалиев: Мыйзам мазмуну боюнча ретроактивдүү эмес, бирок формасы боюнча ретроактивдүү. Бул эмнени билдирет? Эгер жөнөкөйлөтүп айта турган болсок, мазмун жагынан ретроактивдүү эмес деген мазмуну боюнча артка иштеген жок дегенди туюнтат. Азыр дагы чечмелейбиз.

Токтогазиева: Нюрнберг, Токио, Руанда, же Югослав трибуналдары болобу ошол эле логиканы пайдаланышкан. Ал кылмыш кодексинде, же мыйзам түрүндө, же мыйзам болбосо эл аралык мыйзам боюнча кылмыш катары белгиленсе, анда ал президент болобу-болбойбу, имунитети барбы-жокпу — ал мазмуну боюнча кылмыш. Ошондуктан мыйзам алдында жоопко тартылсын деген чечимдер чыгарылган. Түштүк Кореянын чечими биздин чечимге окшошуп кетет деп ойлойм.

Аширалиев: Эми Кыргызстанга кайтып келсек. Ошондо мыйзам артка иштедиби? Дегеле мыйзамдын артка иштешин кандай түшүнүшүбүз кажет? Ал үчүн «мурдатан кылмыш катары белгиленген аракеттер жөнүндө сөз болуп атабы же Жогорку Кеңеш жаңы кылмыштын түрү ойлоп таптыбы» деген суроону коюшубуз керек. Башкача айтканда, мыйзамдын артка иштеп-иштебегенин түшүнүш үчүн ушул эки нерсени айырмалап билип алышыбыз зарыл.

Токтогазиева: Атамбаев президент болуп турган кезде кылмыш-жаза кодекстери бар болчу. Ошол кодексте Атамбаевдин алдында коюлган айыптар боюнча бүт кылмыштар жазылып кеткен. Ал эми форма боюнча дегени — жөнөкөй эле, азыркы кепилдик жөнүндөгү мыйзам май айында кабыл алынды. Ооба, формалдуу түрдө бул ретроактивдүү болгону менен бирок мазмуну боюнча ретроактивдүү эмес.

Аширалиев: Же болбосо мыйзам мазмуну боюнча артка иштеген жок. Себеби, Атамбаевден кол тийбестиги алынып, айып тагылып атканда, ага кодекстерде мурдатан белгиленген кылмыштар боюнча кине коюлган. Же башкача айтканда, жаңы кабыл алынган мыйзамдын өзөгү кодекстерде мурдатан белгиленип кеткен нормаларга таянып жатат.

Токтогазиева: Мыйзам азыр эле кабыл алынды деген логика менен бул формалдуу түрдө артка иштеп жатат, бирок мазмуну боюнча ал жерде жаңы кылмыш жазылып кеткен жок. Ошол эле кылмыштар калды.

Аширалиев: Ошентип Атамбаев Жогорку Кеңештин чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, бул боюнча Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата ал кайрылуу боюнча жооп бергенге чейин эле Атамбаев кармалып, азыр тергөө абагында. Азыркы күндө козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп аткандыктан Конституциялык палатадагылар бул жагдай боюнча эч кандай комментарий бере албасын айтышты.

* * *

[Музыка]

Токтогазиева: Жогорку Кеңеш палатанын чечимин күтсө, менин оюмча, палата баарыбир айтмак. Ретроактивдүү норма процессуалдык түрдө болгону менен бирок мазмундуу түрдө жок, ошондуктан Атамбаев чексиз иммунитетке ээ эмес деп чыкмак. Анткени, бул логикалык жактан да, юридикалык жактан да туура болмок. Ошондон кийин шашпай кепилдигин ала бермек.

[Музыка]

Жоошев: Булар бул жөнүндө мурда ойлонушу керек эле. Мына, парламент ушунча жыл отурду. Алмаз Шаршенович президент болду. Булар мурдатан эле кылмыш жасаганын билет экен. Эмнеге ошондо президент болуп турганда маселени көтөрүшпөйт? Эмнеге азыр көтөрүп атышат?

[Музыка]

Токтогазиева: Бизде андай болбой атпайбы. Бизде алар президент болуп турганда импичмент процесси жарыяланса деле көпчүлүк депутаттар колдобойт. Анан президент убагында жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондуктан биз башка мамлекеттер сыяктуу ошол жолго умтулабыз десек, анда бийлик бутактарынын ортосундагы баланс кайра түптөлүшү керек.

[Музыка]

Жоошев: Биз ар дайым жакшы үмүт менен иштейбиз. Азыр мыйзам сакталбай атса да кийинчерээк эсине келип, мыйзамды сактай башташат деген үмүт бар. Бул тарых да, баары кагаз түрүндө калат. Убакыт өзү калчап, өзү таразалап, баарын өз ордуна коёт деп ойлойм.

[Музыка]

Токтогазиева: Бир эле кенедей Атамбаевдин процесси биздин азыркы сот системабыздын, укук системабыздын статус квосун (учурдагы абалын) көрсөттү. Бул абдан жаман. Эгерде экс-президенттин деңгээлинде ушундай нерселер болуп жатса, анда жөнөкөй деңгээлде эмне болуп жатканын билбейм. Менин оюмча, эки төңкөрүштүн кесепетинен жаңы кадрлар келет, үстү-үстүнө үйүшөт, системалуу түрдө изилдөө жүргүзүлбөйт. Анын бардыгын кайра системалуу түрдө өзгөртүү үчүн абдан чоң анализ керек.

[Музыка]

* * *

Аширалиев: Мыйзамда экс-президенттин макамы кандай болуп өзгөргөнүн, анын натыйжасында кандай кырдаал жаралганын түшүнүүгө аракет кылдым.

Экс-президенттерде кол тийбестик болушу керекпи?

Өз подкастыбыз менен бул суроого чекит койбойбуз.

[Музыка]

Ой-пикир билдириңиз! Талкууга кошулуу үчүн фейсбук, твиттер, инстаграм, одноклассникиде Клооп кыргызча деп издеп, биздин коомдук желедеги барактарыбызга жазылыңыз. Кийинки подкасттарыбызды дагы ушул барактарыбыз аркылуу кабарлайбыз.

Кийинки чыгарылышта амандашканча.

Сиз «Клооптун» подкастын уктуңуз. Аны мен Элмурат Аширалиев даярдадым.

[Музыка]

Подкаст жаздырууга көмөк көрсөткөнү үчүн Central Asia Design Hubга ыраазычылык билдирем.